Белгилүү ырчы Мерген Турган менен алып баруучу Нурдөөлөт Копоев чет өлкөдө эс алып жүрүшкөн экен. Бир күнү  Мерген Турган:

—Уксаӊ, экөөбүз эс алууга көп чыгып жүрөбүз. Биз жокто аялдарыбыз лесбиянка болуп кетишкен жокпу,ыя?-дептир көздөрүн жалжылдатып.

—Кудай сактасын! А сен эмнеге мени башкача карап жатасыӊ?-дейт Нурдөөлөт эмнегедир чочулап.

—Сен мага күндөн күнгө аябай жагып баратасыӊ алтышка!-деп коёт имиш анда Мерген кучагын жайып.

                                            Күмөндөр билген күлкаштар

Күмөндөр Абылов Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын кеч алганына бир чети кыжыры кайнап, бир чети күлкүсү келип жүргөн кезде белгилүү куудул Келдибек Ниязов тамашага салып:

—Күкө, арактын чеӊгээлинен чыга албаган кишини алкаш деп айтат эмеспизби. Ал эми күлкүсүн эч тыя албагандарды эмне деп аташыбыз керек?-дептир андан куйкум сөз уккусу келип.

—Күлгөнгө эмне жетсин…  Андайларды алкашка уйкаштырып эле “күлкаш” деп эле айтканыбыз туура эле болот окшойт,-деген экен Күмөндөр байкебиз күлүмсүрөп. 

                                  Абдышүкүр конкурска катышканда

Абдышүкүр Нарматов Катар өлкөсүндө куран окуу боюнча бүткүл дүйнөлүк мусулмандардын арасында өткөн конкурста экинчи орунга ээ болгон экен. Конкурстун жыйынтыгын чыгарган комиссиянын төрагасы учурунда белгилүү композитор болгондуктан ал Абдышүкүр таксырга:

—Сиз куранды кырааты менен жакшы окуйт экенсиз. Эмесе музыкант катары сурайын. Сиздин үнүӊүз баритонбу же тенорбу?-деген экен кызыгып.

Анда төрагадан сүрдөп кеткен Абдышүкүр:

—Таксыр, ал жагын билбейт экенмин. Ал эми фатиха сүрөөсүн фа минордон эле окуймун,-деп коёт имиш чекесинин терин аарчып.

                                                                      Нуркемел   ИСАЕВ 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here