Төшөк кумарынын пайдасы адамдын ден соолугу үчүн өзгөчө роль ойной турганын  элдин баары эле биле бербесе керек. Сөзүбүз куру болбошу үчүн биз бүгүн төмөндөгүдөй маалыматтарды бермекчибиз.

-Бир жумада эки жолу төшөк оюнундагы өнөктөшү менен  менен «чер жазган» адамдын иммунитети башкалардыкынан 30 пайыз жогору болот экен.

-Ал эми сексуалдык жактан өтө активдүү эркектер жүрөк кан тамырлары ооруларына аз чалдыкса, аялдардын этек кири ооруксунбай келет.

Төшөк кумары бөйрөктөгү таштарды түшүрүүгө дагы пайдалуу. Анткени

кумарга батуу учурунда адамдын көптөгөн булчуңдары аракетте болот. Өзгөчө кошулуу жүрөккө жана кан тамырларга жакшы таасирин тийгизип, айрым учурда жаңы капиллярлардын пайда болушун шарттайт.

                    Бакыт гормондору эс-тутумду жакшыртат

-Эркектер жумасына  үч жолудан кем эмес жыныстык катнашта болууну туруктуу карманса, анда миокард инфарктына кабылуу коркунучу адаттагы адамга салыштырмалуу эки эсеге аз болот. 

— Жыныстык катнаш стрессти жокко чыгарат жана артериалдык кан басымды төмөндөтөт. Төшөк оюну  менен көбүрөөк алек болгон адамдын депрессияга туруштук берүүсү жогору болот .

-Эркек менен аялдын кошулуу маалында бөлүнүп чыккан сүйүү жана бакыт гормондору  эс-тутумду жана көңүл бурууну жакшыртат.

                Адамдын психикалык жактан саламаттыгы чыӊ болот

-Кошулуу  учурундагы кыймыл-аракет жүрөк булчуңдарын жана кан тамырларды дагы бекемдейт. Бул өз учурунда адамдын организминдеги кан айлануунун жакшырышын шарттап, жүрөктүн нормалдуу иштешин камсыз кылат.

—  Аялдардын сексуалдык кошулууга карата каалоосун жоготкон бирден-бир себеп бул – баш оору болуп эсептелет. А бирок баш ооруну басуу үчүн тескерисинче жыныстык катнашта көбүрөөк болуу керек . Бул маалда бөлүнүп чыккан эндорфин гормону организмде кан менен кошо айлануу аркылуу баш ооруга “дары” болот.

— Илимий жактан  алып караганда, 30 мүнөттүк секс организмдеги 85 килокалорийди жокко чыгарып, аздап болсо да ашыкча салмак менен күрөшүүгө шарт түзөт.

 -Жыныстык жактан кошулуу маалында эркек кишинин организминде эркектик гормон болуп саналган тестостерондун бөлүнүп чыгышы жогорулайт.

-Сексуалдык жаатта толук канааттанып жашаган адамдын физикалык жактан гана эмес, психикалык жактан дагы саламаттыгы чың болот.

-Жыныстык жашоодо жашабаганга салыштырмалуу туруктуу интимдик катышта болгон аялдын менструалдык цикли бузулбайт. 

-Интимдик катыштын туу чокусуна жеткен маалда организмде сүйүү гормону болуп эсептелген окситоцин бөлүнүп чыгат. Ал кийин эндорфиндин көбүрөөк бөлүнүп чыгуусун шарттайт. А эндорфин ооруну басаңдатуучу касиетке ээ болгон гормон болуп саналат.

-Махабаттын туу чокусуна чыккан учурда бөлүнүп чыккан окситоцин менен эндорфин адамдын уктоо жөндөмдүүлүгүн жөнгө салуучу функцияны да аткарат. А жакшы уйку кан басымдын жана салмактын нормада болушун камсыздайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here