YouTube-блогери Кристен Хэнби сүйлөшкөн кызы Жесминди тамашага салып, ваннага көбүктүн ордуна боёк куюп койгон пранкты жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анткени менен жигиттин бул кылыгы көпчүлүккө жаккан жок. Ага карата терс пикирлер арбын жазылууда. Ал тургай бул кылыгы ден соолук үчүн да коопту экенин айтышкан.

Кыз сууга түшүп, андан соң кургана баштаганда блогер кыйкырган үндү уккан. Ваннадан Жесмин сүлгү оронуп чыкканда, денесинин көпкөк болуп турганын көрүүгө болот.

Ал эми кыздын бул боюнча эмне деп жазганы белгисиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here