УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы МККнын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери эмгек келишимдеринин шарттарын тоскоолдуксуз узартуу шылтоосу менен аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен акча өндүрүү максатында коррупциялык схема уюштургандыгын аныктады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 3-сентябрда кеңседе опузалап талап кылуу жана 2000 доллар өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун жардамчысы Ызабеков Руслан кармалган, Маалыматка караганда ал “Унаа” ишканасынын Бишкек бөлүмүнүн кызматкерин узак убакыт бою иштен алам деп коркутуп келген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ушул сыяктуу акча талап кылуу фактыларын аныктоо боюнча, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага «Унаа» МИнин башка кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here