Кафелерде жана ресторандарда ар кандай майрамдарды жана эскерүүлөрдү өткөргөндөр үчүн жазаны катаалдаштыруу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын отурумунун жүрүшүндөгү маалымат берди.

Ал белгилегендей, эксперттердин божомолуна ылайык, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн.

«Биздин калктын өз ден-соолугуна карата мындай көңүлкош мамилеси менен, сентябрдын аягында массалык инфекция башталышы мүмкүн. Буга көбүнчө коомдук транспорттун санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп бербегендиги, кафе-ресторандардын конокторго толгону себеп болот. Жарандар буга чейин ар кандай мааракелерди жана эскерүүлөрдү өткөрө башташкан. Кафе жана ресторандардын ээлери 3 миң сом айып пул төлөп, конокторду кубануу менен кабыл алышты. Ресторан бизнеси кыйналып жатканы айдан ачык, бирок биз калктын COVID-19 оорусун жуктуруп алышынын кайталанышына жол бере албайбыз », — деди Боронов.

Премьер-министр тиешелүү структураларга кафе-ресторандардагы иш-чараларга көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде жана транспортто рейддерди жүргүзүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле республикалык ыкчам штабдын отурумдарында аталган аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча аймактардан күн сайын маалымат берип туруу зарылдыгын белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here