—Үй-бүлөлүк саясаттын үстөмдүк кылуусуна жол бергим келбегендиктен жакындан бери ата-энемден тышкары ага-туугандарым менен дагы  алдыдагы шайлоонун айынан кер-мур айтыша баштадым. Жакында эле  атам акыл-насаатын айтпастан ачык эле коркутканга өтүп:

—Балам, ушунчаӊда эсиӊе келсеӊчи. Эгер мындан беш жыл мурун  апаӊдын колунда бар  тууганы кызматташкан “Ата-Мекенге” добуш бербесеӊ, анда экинчи айылга келбей эле кой-десе болобу.

Бул сөздү укканда мурдатадан эркиндикти жактырган жаным нааразы болуп:

—Коюӊузчу, тамашаӊызды. Мени баргызбагыдай биздин айыл эмне  ушул партиянын жеке менчиги болуп калыптырбы?-дедим каяша айтып.

Ошондо бизди байкап турган апам сөзгө аралашып:

—Анда “Биримдикке” кызмат кыл-деп буйрук бергенде кыжырым кайнап:

—Миллионер бөлөӊүз каржылай турган партияны таӊуулабай эле коюӊузчу-десем, менин минтип сүйлөгөнүмдү жактырбаган атам колун шилтеп:

—Байбиче, муну менен башкача сүйлөшүш керек болуп калды. Буга салып берген үйдүн документин бербей саясий куугунтукту баштасак, айласы кеткенде биз айткан партияларга добушун берет-деди акшырая карап. —Ошол да кеп бекен… Үйдөн ажырап батирде күн кечирсем да укугумду тебелетпей “кайнагамдын”  партиясына  добушумду берем. Анткени ата журттан да, тай журттан  да жакын

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here