Германияга барганда кыргызстандык студенттердин жумуртка менен чапканына капа болгон Аскар Акаев Москвага келгенден кийин катуу стресс болуп, ооруп төшөктө жатып калган экен. Бишкектен анын акыбалын билүү үчүн бир кездеги шакирти Кубанычбек Жумалиев телефон чалып:

—Аскар Акаевич, мен баарын уктум. Андан тышкары видеону да көрдүм. Ал студенттерге көп теңелбей эле коюңуз,-деп суранса туталанган туңгуч президент:

—Теңелгенде эмне… Бирок аларың жумуртка менен чапмак түгүл жумурткамды да жулуп ала турган деңгээлге жетип калыптыр,-деп коёт имиш ыйламсырап.

                          Бакетаевге жакпаган редактор 

Президенттик шайлоодон кийин зериккен Токтайым Үмөталиева  бир күнү күтүүсүздөн саясий серепчи Бакыт Бакетаевге жолугуп, экөө өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу сүйлөшкөн соң Токтайым апчебиз:

—Мага өкмөткө караштуу гезиттердин бирин жетектегенге жогору жактан сунуш түшүп жатат. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?-дептир ачыгын айтып, серепчинин оюн билгиси келип.

—Сиз башкы редактор болгонго жарабайсыз го,-деп серепчи аны жактырбаптыр.

—Эмнеге жарабайм… Мен буга чейин “Айданек” деген гезитти чыгарып жүргөм. Башкы редактор болбосом дагы жок дегенде жооптуу редактор катары иштейм да, деп тиги укук коргоочу өзүнүн курсун көтөрүптүр.

—Сиз жооптуу редактор болбой эле, гезиттеги материалдардын “кашасын” чыгарган “кооптуу” редактор болгонго араң жарайт болушуңуз керек. Убара болбой эле коюңузчу,-деп коёт имиш серепчи тигинин кыжырына тийип.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here