Белгилүү акын, адабиятчы, кыргыз маданиятынын жүгүн көтөрүп келаткан  Нуралы Капаров агабыздын уулу Мырза Капаров Жогорку Кеӊештин депутаттыгына «Замандаш» менен аттаныптыр. Атанын уулу 40 жашка келип,  турмуштун өйдө-төмөнүн көрүп, мамлекеттик кызматтарда бай тажрыйба топтоптур. Атап айтканда, Юстиция министрлигинде, өкмөттүн аппаратында, президенттик администрацияда юридикалык маселелер боюнча эксперт жана жетекчи болуп  узак жыл иштеп, Кыргызстандагы «илибой» мыйзамдын ички-тышкы чоо-жайын жакшы билет экен. Негизи Жогорку Кеӊеш күчтүү болуш үчүн, эӊ ириде мыйзамды мыкты билген инсандар иштесе жакшы болот. Эмнеге дегенде эл өкүлүнүн эӊ башкы милдети мамлекет үчүн эӊ мыкты мыйзам жазуу болуп эсептелет. Көп учурда биздин депутаттар мыйзам жазбай эле: прокурор, адвокат, министр ж.б.  аткаминер болуп, күпүлдөп кетишет. А, мыйзамды сурасаӊ билбегендер четинен табылат…Аны кой жөнөкөй сөздү жөндөп айта албай жаӊылат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here