Бир жумадан кийин шайлоонун агитациялык иши башталат. Гезиттер, сайттар кол берише келишкен партияларды мактап-жактай баштаса, телерадио да ошондой жумушун баштайт. Акча төлөнчү мындай иштерде маалымат каражаттары партиялардын айтканындай жазып, тим эле алдыларына төшөлүп беришет… Акчанын күчү деген карабашыл адамдарды сойлотот, жойлотот, кул кылат, күӊ кылат, асманга  атырылтат, жерге житиртет, уят менен сыйытты жок кылат, коркпосту коён кылат, коёндой коркокту арстан кылат… иши кылып акча деген каалаганын жасайт!.. Шайлоо кампаниясында акча алдыӊкы орунга чыгып, ток этер жерин айтканда адамдарды ит кылат!

            Азыр шайлоого катышчу партиялар акчасын топтоп жаткан кези, укмуштуудай суммалар айтылып жатат. Кээ бир партиялардын алдыӊкы орундары 500 миӊ долларга чейин чыгып кетиптир деп жатышат. Бул шумдук чоӊ сумма го?! Мындай сумма берип депутат болуп эмне кылам дегендер толтура. Түшүнүктүү дечи, соо адам мындай сумма менен депутаттыкка барбайт, дегеле соо адамда мындай сумма жок да. Анан ошол 500 миӊ доллар берип эмне үчүн депутат болгусу келет? Анткени, анын көчүгү таза эмес, качандыр бир күнү шору кайнап баягы кылмышы ачылып калышы мүмкүн, депутаттыгы ошондон сактайт, экинчиден, анын башкага катталган толгон бизнеси бар, депутат болсо, ошонусун көзөмөлдөп турганга жакшы, анан үчүнчү себеп – бала-чакасы, туугандары бар, алар бир жерлерде иштейт, мына ошолорду «кайтарып» турганга депутаттыгы жарап берет…

            Азыр партиялардын курултайлары өтүп бүттү. Анын лидерлери сөз сүйлөп «шайлоого жалаӊ гана акактай таза адамдар баратканын» айтып жатат. «Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?!» деген эӊ сонун макал бар. Анын сыӊары «талапкер кезинде баары жакшы, жаман депутат кайдан чыгат?!» болот да?!

            Депутаттыкка талапкерлерди тандоонун кандайдыр бир таза, таптаза мыйзамын жаратпаса, болбой калды көрүнөт. Жогорку Кеӊеш деген мамлекетте аябай зор күч, ал президент менен бирдей укукта мамлекетти башкарууга катышат. Демек, депутат болуп иштөө деген эӊ бир жооптуу милдет да. Андыктан депутат болуш көрүнгөндүн эле колунан келе берчү иш эмес экендигин турмуш чындыгы кылып алышыбыз керек. Депутаттыкка талапкер ар тараптан текшерилсин, буга чейин ал кандай турмушту башынан өткөздү, ууру кылган жокпу, ушак сүйлөгөн жокпу, коррупциялык жолду баскан жокпу, мурунку кызматтарында таза иштедиби, билими канчалык, бүлөсүнө жана элге мамилеси кандай… сыяктуу маселерди ийне-жибине чейин изилдеп туруп кана шайлоого аттандырыш керек. Азыр эмне, ким кааласа эле шайлоого барууга укук алып жатпайбы, мурун соттолгондор толтура, мурун коррупционер болгондор толтура, кримжолду басканы канча?!

Ооба, депутаттыкка талапкерди тандоо үчүн эч кимге көз каранды эмес, беш жылда бир жолу мыкты иштеп койчу эӊ жогорку деӊгээлдеги адамдардан түзүлгөн комиссия түзүлүшү керек! Бул комиссия бир шайлоонун алдында түзүлсүн, келерки шайлоодо башка адамдардан түзүлөт. Мына ошол комиссия талапкерлери сыдыргыга салып берсин!

            Бүгүнкү күндө 40 миллион доллардын изин таптырбай соттолгон Акматбек Келдибеков деле депутаттыкка талапкер болуп жатпайбы. Коррупциялык шеги бар Раим Матраимов, Акылбек Жапаров, Бакирдин Субанбеков сыяктуулар уялбай-этпей эле депутат болом дебатышпайбы. Тантып кетем да, буларда эмненин уяты болсун?!

            Шайлоого катышабыз деген партиялардын 21и шайлоого катышпасын билдирип кампаниядан чыгып кетти. Эми дагы чыгышы мүмкүн. Кээ бир аты гана бар партиялар 5млн. сом шайлоого катышканга укук берчү акчаны төлөй албайт да.

            Кээ бир саясатчылар, эксперттер, «бул шайлоону таза өткөзөлү, андай кылалы, мындай кылалы» дегенден кеӊири айтып жатат. Деле эмнени айтса да баарын акча чечип калганын алар деле билип турат, бирок, милдетин аткарып айтып коюш керек да…

            Бул жолку шайлоого талапкер болгон мурунку депутаттар Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев сыяктуулардын,  депутаттыкка жаӊыдан талаптанып жаткан Мелис Турганбаевдин, Өмүрбек Суваналиевдин, Узарбек Жылкыбаевдин бар болушу аябай жакшы көрүнүш!

            Кандай болгон күндө да шайлоону акча тескейт, акча жеӊет! Калган нерсенин баары «сапырылган сары жалбырак»…

            Акыркы маалымат боюнча парламенттик шайлоого 17 партия катышат. Бирок, 24-август күнү кечке маал Борборлук шайлоо комиссиясында талаш-тартыш болуп өттү. Анткени, ошол күнү саат 18.00гө чейин шайлоого катышчу партиялар документтерин өткөзүп бүтүш керек экен. Ал эми «Кыргызстан» партиясы документтерин аталган убакыттан кеч өткөзүптүр деген кабар элге тез эле тарап, БШКнын жанына коомдук уюмдардан, журналисттерден чогулуп, БШКнын төрагасы Шайлдабекованын бул маселеге жооп беришин талап кылды. Келгендердин айтымында «Кыргызстан» партиясы документтерин кеч тапшырышкан, бирок, убагында тапшырды кылып сүйлөшүп алышкан. БШКга кире бериштеги видеобайкоо да аны айгинелеп турат дешти. «Бул видеодогу саат 15 мүнөт алдыда болчу» деди БШКнын өкүлү… Маселе эртеси чечилмей болду…

                                                                          Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here