«Жаңы дем-Ата Мекен» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева, ишкер Тилек Токтогазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында катышып жатышат.  Партия кезексиз курултайын ачык асман алдында өткөрүп,  башка партиялардай эле амбициялуу ой-максаттарын жар салышты. Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов баштаган эски “ата мекенчилер” шайлоого катышпай турганын,  жалаң жаштарга басым жасап жатышканын билдиришти. Текебаев партиянын лидерлиги Жанар Акаевге өткөндүгүн, тизмени ал баштап бара турганын айтты. Тизмеде жазылган азырынча 20 талапкердин ичинде Шерниязовдордун бир тууганы Шерниязов Абылкасым Эсентаевичти, Чотоновдун кызы Турсунбүбү Чотонованы, Абдыганы Эркебаевдин баласы Азатты көрүүгө болот. Демек, карт саясатчылардын балдарына, туугандарына көбүрөөк басым жасалгандай. Ал эми  азыркы депутаттардан Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Нурбаев Абдыбахап бар. Корей улутунан дагы бир талапкер жазылып жүрөт… Эмкиде партиялар кытай улутандагыларды «күндүзү чырак менен издешпесе» экен…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here