Буга чейин да айтылып келген. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктары чектелүү, көп нерсе чече албайт. Ал чечип коё турчу  укуктарды өкмөт өзүнө “байлап” алгандыгы көп сөз болуп келет. Сиз Ысык-Көл облустарын жетектеп, бул маселени жон –териӊиз менен сездиӊиз го. Пикириӊиз кандай?

—Жалпысынан алганда туура эле айтылган сын-пикирлер. Чынында укук-ченемдиктер чектелген, мүмкүнчүлүктөр аз. Атын эле өзгөртүп койду дегендер бар. Андай эмес. Мыйзамдык база да бир топ өзгөргөн. Мурун облустук администрация иштесе, азыр аппарат иштейт. Бул багытта менин жеке пикирим: облустук бюджетти ачыш керек. Азыр респуликалык жана жергиликтүү болуп, эки баскычтуу бюджет да. Ушуга облустук бюджет да өзүнчө  ачуу зарыл. Себеби,облуста пландалган иштер өз убагында кечикпей аткарылып,өз алдынча бир топ иштерди бүтүрөт эле. Бюджет маселесин Жогорку Кеӊеште караганча  жай бүтүп, акча бөлүнгүчө күзгө жетип калып жатабыз. Бул маселени менен өкмөттүн жыйынында өкмөт башчыга да көтөрүп айттым эле. Мисалы, курулуш тармагын эле алсак, бул багытта облустук жетекчилик ыраттуу иштерди жүргүзөт эле. Кээ бир мектеп, же бала –бакча кереги жок болсо да депутаттын айылы болуп калганы үчүн салынып калган учурлар бар. Ошол эле учурда  кошуна айылдарда мектептердин чатырынан суу агып турган болот. Мындай көрүнүштөрдүн баарын иретке салуу зарыл.

—Саясат боюнча кайрадан кеп кылсак. Адатта бийликке жакын болуп, чоӊ кызматта иштегендер шайлоого катыша турган болсо сөзсүз бийликтин партиясынан талапкер болуп талпынып чыгышчу эле. Сиздин тандооӊуз тескери болду. Бул боюнча да ар кандай кептер чыкты. Жылкыбаев Өкмөт башчы болот эле, болбой калып “Республикага” кирди  деген сындуу…

—Баса белгилеп айтып коёюн. Мага өкмөт башчылык кызматка сунуш болгон эмес. Барайын деген да оюм жок болчу. Өкмөт башчы болуу чоӊ жоопкерчилик. Азыр эми баары эле өкмөт башчы болгусу келишет. Орой айтканда “Иттин уулу Байгара да” болгусу келет. Бирок, деӊгээл, тажрыйба, билим, башкаруучулук талант деген маселени эч качан унутпашыбыз керек. Ал эми бийликтин партиясынан мага сунуш болгон жок. Бирок мындай алганда кимди, кайсы партияны  бийликтин партиясы деп айта алабыз. 2015-жылы ЖКга 6 партия өттү. Кимиси укмуш оппозиция болду? Баары эле бийликке жан тартып иштешти да.

–-Бул шайлоого катыша турган көп эле аттуу-баштуу, белдүү деген адамдар эмгиче кызматын өткөрбөй талапкер болуп жүргөндөрдү көрүп жатабыз. Бул көрүнүш Баш мыйзамга каршы келет экен. Бул багыттан алып карагнда биринчилерден болуп сиз кызматтан кетип, шайлоого катышканы турасыз? Ушул маселе боюнча пикириӊизди уксак…

—Баардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Балким мыйзам ошого жол берип жаткандыр. Анткени шайлоо боюнча да мыйзамдар да бар да. Аны карап көрүш керек. Негизи, кандай болгон күндө да  чоӊ кызматтагы адам кызматын өткөрүп берип, анын шайлоого талапка ылайык катышышы абзел. Мен мыйзамды сыйлап, ушундай кадамга бардым. Андай жат көрүнүш менин абийириме туура келбейт. —Сиздин баамыӊызда шайлоодон шайлоого чейин элдин аӊ-сезими өзгөрүп жатабы? —Өзгөрүп жатат деп айтсак болот. 2015-жылдан бери биометрикалык система менен шайлоо өтүп, шайлоонун тазалыгын камсыздай баштады. Өзүӊүз билесиз, мурун  укмуш “фокстар” болчу эмес беле. Азыр эми андайлар жок. Азыр шайлоочуларды сатып алуу, жеӊ ичинде сүйлөшүү сыяктуу терс көрүнүштөр көчөлөрдө болуп жатат. Мунун баары элдин өзүнөн. Мен өз тажрыйбамда 7 шайлоого катыштым. Бир да жолу акча сунуштап, добуш сатып алганым жок. Бул нерсе менин ар-намысма туура келбеген ыплас нерсе.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here