Кытайдын Xiaomi компаниясы  ультра жука тунук экраны бар дүйнөдөгү биринчи сериялык сыналгыны сатыкка чыгарды.

Mi TV LUX Transparent Edition үлгүсүндөгү сыналгы  ушул жуманын аягында  7.200 доллардан  сатыла баштайт.  Сыналгынын өзгөчөлүгү- өчүрүлгөндө, аппараттын экраны диагоналы 55 дюйм жана калыңдыгы 5,7 мм болгон айнек панель. Күйгүзүлгөндө, телевизор абада калкып жаткандай сезилет.

Ал эми аталган сыналгыны  Кытайдан гана сатып алууга болот. Андыктан мындай сыналгы бир гана үйдө гана эмес, музейлерде, галереяларда, соода борборлорунда кеңири колдонулат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here