Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев жетектеген «Кыргызстан социал-демократтары» саясий партиясы 19-августта курултай өткөрүп, шайлоо алдындагы программасын талкуулады. Ошондой эле курултайда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси түзүлдү.

Партия азырынча тизмедеги баштапкы бештиктеги талапкерлери тууралуу гана маалымдоодо:

1. Сейитбек Атамбаев;

2. Темирлан Султанбеков;

3. Кылычбек Султан;

4. Ирина Карамушкина;

5. Нурбек Касымбеков.

Cейитбек Атамбаев июнь айында «Кыргызстан социал-демократтары» саясий партиясынын курултайында партиянын лидери болуп шайланган. Анын айтуусунда бул партияны атасы 2008-жылы, эгер, 2020-жылы парламенттик шайлоо алдында КСДПга тоскоолдук жаралса, кошумча вариант катары түзгөн.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген.

Ал эми «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген Сагынбек Абдрахманов кийинчерээк КСДПны өз атынан каттоодон өткөргөн. 13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Абдрахманов жетектеген КСДПнын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. Кийинчерээк сот БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here