Кечээ, 19-августта Бишкектеги “Аю-Гранд-Комфорт” соода борборунда «Кыргызстан» саясий партиясынын кезексиз курултайында партиянын аткарылган иштерин, алдыдагы программасын партиянын лидери, барандуу саясатчы Канатбек Исаев ташка тамга баскандай баяндап берди. Исаевдин бул саясый баяндамасы башка партиялардын баяндамаларына салыштырганда кыйла жогору, кыйла ишенимдүү жана жагымдуу болду. Лидер эч ким жокко чыгара албас, элдин көӊүл борборунан орун алган олуттуу эмгектерди эске салып, буларды айтты: “Партиянын түптөлгөнүнө 10 жыл болсо да, биз беш жыл мурун саясий күрөшкө аттанып, 2015-жылкы шайлоодо 3-орунду камсыздадык. Ушул жеңиштин арты менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Артисбекович, вице-премьер министр Алмазбек Батырбеков сыяктуу мамлекеттик бийликтин эң чоң бутагын аркалап жаткандар биздин партиядан барышты. Жогорку Кеңеште 6 фракция болсо анын эң туруктуусу “Кыргызстсан” фракциясы. Калган фракцияларды карагыла, бөлүнүп  чачырап  кетти. Биздин фракцияда 18-депутат болсо анын 14ү парламенттик шайлоого аттанып жатат. Бул туруктуулуктун эң жогорку көрсөткүчү

Ал эми Жогорку Кеңештин төагасы Дастан Жумабеков пандемия учурунда “Кыргызстан” партиясынын катарындагы ишкерлер эле жардам берип, мамлекеттин жүгүн жеңилдетикендигин айтып берди:

Өлкө бюджети бажы жана салык тармагы аркылуу толтурулат. Мына ошол мамлекеттик бюджетке салык төлөгөндөр биздин партиябызды түптөгөн Шаршенбек Шайлообекович сыяктуу ишкер адамдар биздин арабызда олтурат. Мына ошол чогулган салктардын эсебинен социалдык маселелер чечилип жатат. Биздин партиянын катарындагы ишкер адамдар пандемия учурунда элге жардам берип, өлкөбүзгө өзгөчө салым кошушту”.

Курултайдын алып баруучусу Кубат Оторбаев добуш берүүнүн жыйынтыгына таянып партиялык Тизменин алдынкы ондугун тааныштырды. Ошентип “Кыргызстан” партиясынын төрагасы Канатбек Исаев талапкерлерди шайлоого өзү баштап бармай болду.

Алар:

  • 1. Канат Исаев, партиянын жана фракциянын лидери;
  • 2. Талант Мамытов;
  • 3. Нурбек Алимбеков;
  • 4. Наталья Кулматова;
  • 5. Азиз Турсунбаев;
  • 6. Руслан Чойбеков;
  • 7. Дастанбек Жумабеков;
  • 8. Чолпон Султанбекова;
  • 9. Шаршенбек Абдыкеримов;
  • 10. Данияр Толонов.

Калган талапкерлердин ысымдары бүгүн- эртеӊ коомчулукка жарыяланат. Ага чейин далайлардын жүрөгү бүлкүлдөй турсун…

   Съезддин соңунда шайлоого аттанган партиянын бычакка сап, намыска бекем жана жаратман уул-кыздары бир айлампага бириктирилген боз үйдүн ууктарындай тизилип, бирдиктүү “Кыргызстан” саясий партиясынын туруктулууган айгинелеп, 120 ууктан туган боз үй тигишти. Алар бул жөрөлгө менен кыргыз элинин көп улуттуу экендигин даңазалап, элдин колдоосу менен  алдыдагы шайлоодо көп мандатты камсыз кылууну тилек кылышты. Тилектер ылайым ишке ашысын дейли…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here