Биздин өлкөнүн жазык-аткаруу тутумунда эки миңден ашык кызматкер кызмат өтөйт. Соттолгон жана камакта кармалган адамдарды кармоону жана кайра социалдаштырууну камсыз кылуу максатында тутумда объекттерди кайтарууну, соттолгондорду жана камактагыларды  конвой менен коштоону, аларды тамактандырууну, медициналык камсыздоону, көзөмөлдү, тарбиялоону, окутууну,  өндүрүштү өз ичине камтыган  жашоо-тиричиликти камсыздоочу бардык кызматтар иштейт.

            Пенитенциардык кесип илгертен эле жогорку рейтингдеги кесиптердин катарына кирген эмес. Түрмөлөрдүн жана абактардын кызматкерлерин көзөмөлчү, түрмө сакчысы деп атап келишкен. Түзөтүү мекемесинин кызматкери күн сайын кандай коркунучка  жана тобокелдиктерге туш боло тургандыгы  жөнөкөй адамдын оюна да келбейт.

              Жогорку Кеңештин депутаты Т. Акматбаевдин, Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы И. Полотовдун жана башка кызматкерлердин өмүрлөрүн кыюу менен байланышкан 2005-жылдагы трагедиялуу окуялар, 2015-жылы № 50 тергөө изоляторунун бир нече кызматкерин өлтүрүп  кылмышкерлердин качып кетүүсү түзөтүү мекемесинде кызмат өтөө канчалык коркунучтуу болушу мүмкүн экендигин көрсөттү.

            Кызматтык түйшүктөрдөн тышкары кызматкерлерди медициналык камсыздоо, алардын соматикалык жана инфекциялык ооруларга чалдыгуулары, жаракат алуусу жана аларды дарылоо жана ден соолугун чыңдоо маселелери да орчундуу көйгөйлөрдөн болуп келген.

            Жазык-аткаруу тутумунун карамагында иштеп жаткан кызматкерлерден тышкары, 1800 пенсионер каттоодо турат. Өмүрүнүн көпчүлүк жылдарын өз кесибине арнап оор кызматты аркалап келген ар бир ардагердин өлкөдөгү туруктуулукту сактоого жана системаны жакшыртууга кошкон салымы бар. Көп жылдар бою ардагерлерге татыктуу көңүл бурулбай келди, алар майрамдарда гана эскерилип, он чактысы чакырылып,  күнүмдүк турмушта алар менен байланыш үзүлгөн мезгилдер болду.

            Жазык-аткаруу тутумуна милициянын генерал-майору М. Турганбаевдин келиши менен ардагерлер менен иш алып баруу түп тамырынан бери өзгөрдү. Төрага ар бир маселеге өзгөчө көңүл буруп, чечкенге аракет кылат. Кызматка алгач киришкен мезгилде эле кызматкерлерди. ардагерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн дарылоо маселесин чечүүгө туура келди. 2002-жылы жазык-аткаруу тутумунун Юстиция министрлигинин тутумуна өтүшү, жана андан кийин өз алдынча кызмат болуп кайра түзүлүшү менен кызматкерлерге мурда медициналык тейлөө көрсөтүп келген  ИИМдин госпиталы жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине толук кандуу медициналык жардам көрсөтө алган жок. Ошентип, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жыйырма жылдай мезгил аралыгында эч бир медициналык кызматка тиешелүү болбогондуктан, татыктуу медициналык тейлөө менен камсыздалбай келди.

            Генерал тарабынан бул маселени чечүү үчүн чара көрүлүп, ведомстолук мекемелердин бири госпиталь жана бейтапкана болуп кайра уюштурулуп түзүлдү. Заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөн, стационары бар жана зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалган үч кабаттуу госпиталь менен бейтапкана күнүнө 150 адамды кабыл алууга даяр. Ушул жылдын 6 айында гана 1650 адам медициналык мекемеге кайрылып дарыланып чыкты анын ичинен 29 бейтап пенсионерлер. Коронавирус пандемиясы жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин да айланып өткөн жок. 75тен ашык кызматкер ооруга чалдыкты, госпиталда илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча стационар уюуштурулду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү сакайып кызматына киришти.

            Коронавирус илдети учурунда жалпы элибиз оорудан кыйналып турган учурда, жазык-аткаруу тутумунун жабык мекемелериндеги жаза өтөп жаткан соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды жугуштуу оорудан сактап калуу, алардын муктаждыктарын ыкчам жана түшүндүрүү-тарбиялоо жолу менен чечүү — бул аябагандай чоң тажрыйбаны жана жетекчиликтин эркин талап кылды. Ведомствонун өзүнүн госпиталынын жана бейтапканасынын түзүлүшү — бул төраганын масштабдуу ой жүгүртө билген жана көрөгөч жетекчи экендигин өлкөнү азапка салган пандемия далилдеди.  

            Кыска мөөнөттүн ичинде ЖАМКнын борбордук аппаратында Мониторинг жана анализ борбору түзүлдү.  Аталган борбор аркылуу атайын түзүлгөн видеокөзөмөл кызматы тарабынан мекемелердин ишмердүүлүгүнө күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлөт. Борбордо ведомствого караштуу түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери менен аларды кызматынан үзгүлтүккө учуратпастан, зарыл болгон учурда сутканын каалаган убагында  видеоконференц байланышы аркылуу кеңешмелерди өткөрүүгө ылайыкталып жабдылган зал жайгашкан. Мындан тышкары, мекемелердин көпчүлүк кызматкерлери кызмат өтөө учурунда төшүнө тагынып жүрүүчү видеожаздыруу камералары менен камсыз болушту. Бул киргизилген техникалык жаңылыктар мекемелердеги кызматкерлердин кызматтык тартипти бузуусун төмөндөтүүгө жана соттолгондор тарабынан тартип бузуулардын алдын алууга шарт түздү.

            Жакынкы мезгилде эле калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү жаңы кызмат уюштурулуп бул жакка бардык жарандар, ардагерлер, кызматкерлердин жана соттолгондордун туугандары кайрылса болот.

            Жазык-аткаруу тутумунун ардагерлери ашыкча көп көңүл бурууну деле талап кылбаган жөнөкөй адамдар. Көп жылдар бою аларга өзүнүн күчүн жана энергиясын берген система тарабынан көңүл бурулбай келген. Жетекчиликтин чечими менен Борбордук аппаратта Ардагерлер менен иш алып баруу боюнча сектор түзүлүп, ал ардагерлерди укуктук, социалдык, психологиялык, медициналык жактан колдоого багытталган.  Ар бир пенсионерге эшиги ачык болгон Ардагерлер кеңешинин иш бөлмөсү уюштурулган. Борбордук аппараттын жана мекемелердин ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, демөөрчүлөр —  Ардагер кеңешинин бат келип туруучу коноктору. Коронавируска карата карантин убагында Улуттук Кызыл Жарым ай коомунун, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, түрк жана башка жеке жеке ишкерлердин колдоосу менен  муктаж болгон 100дөн ашык пенсионерге жардам  көрсөтүлдү.

            2019-жылы ЖАМКнын төрагасынын буйругу менен 28-август — Жазык-аткаруу тутумунун ардагеринин күнү деп жарыяланды. Ошентип, ардагердин өзүнүн күнү пайда болуп, бул күнү аларга борбордук аппараттын жана өздөрү иштеген мекемелердин эшиктери ачык болуп, урмат-сыйга бөлөнүшөт.

            Ардагерлер менен иш алып баруунун дагы бир багыты — кызмат өтөө учурунда каза болгон жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө кам көрүү.  Кызматтык милдеттерин аткарууда каза тапкан кызматкерлердин балдары бүгүнкү күндө 30. Аларга майрамдарда жана башка убактарда мүмкүнчүлүктүн болушунча кийим-кечек, окуу куралдары, тамак-аш түрүндө материалдык көмөк көрсөтүлөт.

            Балдар үчүн уюштурулган майрамдык иш-чаралардын биринде төрага кечени уюштурууга жана балдардын белектерине акча каражатынын кайдан алынгандыгын сурап калды. Аталган каражаттар Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн  жеке каражаттарынын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен чогултулганы белгилүү болгондо,   сметаны талап кылды. Ошол учурдан тартып, бул сыяктуу иш-чаралар ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан финансылык жактан колдоого алынып келет.

            Жасалып жаткан бардык алгылыктуу иштер үчүн генералга ардагердик «Ак бата» бермекчибиз!

А. Нишанбаев, ЖАМКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы,

ички кызматтын полковниги  

Булак: Багыт гезити

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here