Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 19-августтагы маалыматына ылайык, Агрардык партия, “Демократ”, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, “Эмгек”, “Бийлик элге”, Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, “Бирик”, “Таза коом” жана “Жаратман Эл” партиялары шайлоого катышпай турган болду. Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес.

Пандемия шартына байланыштуу БШК партияларга курултайды ачык асман алдында өткөрүүнү сунуш кылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here