Ак барак менен калем сапты колго албаганыма көп болду . Көкурөгумдөгу кайгыны , суйунучту , бороон чапкын сезимдеримди , жакындарыма болгон таарынычты , сагынычты тапкан байлыгымды , журогумдун элегинен откон создорумду , ушул сырдашым болгон ак барака жазаар элем . Жазууга алым жок болсо да , калтыраган колдорумду кучко салып ,акыркы ирет калем менен коштошуп алууну чечтим .

Бугундон баштап мен учун ар бир дем алуум оорлой баштады . Жашоо учун канчалык курошпойун майнап чыкпачуудай ! Бул жайга келгениме жыл айланып барат . Ооруну женем , балдарымдын кашына барып бешенесинен сылап , эч кимге кор кылбайм деген умутум акталбады ! Эмне кылмак элем , бешенеге жазганы , тагдырдын буйругу экен . Жарыкчылык менен коштошуу кыйынга тураарын башыма келгенде гана билип отурам . Артка кылчайып алгылыктуу иш жасабаганыма окуном . Озум туптогон балдар уйундо коздорунон умуттун шооласы чачыраган , келген адамдардын арасынан ата — энесин издеген шоордуу балдарымды кимге ишенип таштайм !? Байкуш балапандарыма ким жолок болот ?

Алдуу кучтуу кезимде мынтип бироонун жардамын муктаж болуп , оз алдымча бир чыны суу иче албай калаарымы билсем гана ! Картайганда балпайган байбиче болом деп кыялдануучу элем , азыр болгону 30 жаштамын . Бул омурдон эрте кетип жатам , бутпой калган жумуштарымдын аягына ким чыгат ? Баарын кагазга тушуруп койууну ойлодум эле .Колума калем сап кармоого болгон далалатым ишке ашпады . Ойлорум ичимде калды ! Алдан тайып барам ! Оорукананын даары жыттанган , жашоо учун аракеттенген тыбыраган таракандарынан , эскилиги жетип тамтыгы чыккан, жамалган полдорунан , сырдала берип кочо баштаган дубалдарынан , кундун нурун аран откоргон , жаракасы бар терезелеринен , озум жаткан 5 палатадан тажадым ! Таза абага чыккым келет ! Акыркы жолу дем алуума уруксат бергилечи , алдагы кислороддун пайдасы жок эми , апаратка убара болбогула …… 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here