Пневмония менен ооруган адамдын тамак-ашы иммунитетти көтөрүүгө багытталышы керек. Желген тамак-аш оңой сиңип, ичегини көптүрбөөгө тийиш, мүмкүн болушунча майсыз, холестеринсиз болсун.
— Тузду, шекерди азайтуу сунушталат.
— Кайнатылган же бууга бышкан тамактарды жылуу калыбында жеш керек.
— Пневмонияда кальцийдин булагы болгон азыктар чоң мааниге ээ. Алар: сүт, быштак, сыр. Ошондой эле рациондо белок, витамин жана микроэлементтердин болушу зарыл.
— Сууну көп ичүү – пневмония учурундагы эң маанилүү диета. Ал какырыкты жумшартат, ууланууну чыгарат.
.
📌Пайдалуу тамактардын тизмеси
• Кайнатылган же бууга бышырылган майсыз эт
• Ушундай эле жол менен бышырылган балык
• Сүт, быштак
• Кычкыл сүт азыктары
• Картошка, бирок куурулган эмес
• Түстүү капуста, брокколи (белокочан капустасы болбойт!)
• Жумуртка
• Бууга бышкан жашылчалар (сабиз, болгарк алемпири, кабак, ашкабак)
• Помидор, бадыраң
• Гречка, күрүч
• Мөмө-жемиштер (жүзүмдөн башкасы)
• Кара өрүктүн, өрүктүн кактары
.
📌Зыяндуу тамактардын тизмеси
• Майлуу жана куурулган тамактар
• Консерваланган азыктар
• Колбаса, сосискалар
• Козу карын
• Жүгөрү боткосу
• Кондитердик азыктар
• Шоколад
• Кофе
• Ачуу татымалдар
• Туздалган, маринаддалган азыктар
• майонез

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here