Учурда “Республика” партиясы Бишкекте кезексиз курультайын өткөрүп жатат. Маалым болгондой бул партия эч кимге кошулган жок. Партияны ЖК депутаты Мирлан Жеенчороев жетектеп баратат. Ал курултайды жалындуу сөздөрдү сүйлөп, буларды айтты:

“Кыргыз Республикабыз оор абалга кабылды. Алдыга жылыш жай болуп, олуттуу өзгөрүүлөр жок болуп турат. Акыркы эле пандемия учурунда биз экономикалык жактан алсызданып, 600 млн. АКШ долларына чукул сыртка дагы карыз болдук. Анын негизинен ишеним да аз, үмүт жокко эсе болуп турган учур”, – бул тууралуу “Республика” партиясынын курултайында партия лидери Мирлан Жеенчороев айтты.

Жеенчороев “Республика” партиясы дайыма элдин жүгүн көтөрүп, өлкө саясатын өнүгүүгө буруп келгенин айтып, ийгиликтерге токтолду. Алдыдагы шайлоодо “Республика” партиясынын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү чоң экенин белгиледи.

“Элибиздин ишенимин 10 жылдан бери арттырып келген “Республика” партиябыз, эң көрөгөч, эң алдыңкы программаларды сунуштап, аларды аткарып келген “Республика” партиябыз, эр-жүрөк, экономиканы түшүнгөн командага бай. Бүгүн “Республика” партиябыздын моюнунда чоң милдет турат. Бул биздин элибиздин, өлкөбүздүн, ата-бабаларыбыз бизге мурастаган жерибиздин алдындагы чоң парзыбыз”, – деди партиянын төрагасы.

Андан ары ал “Республика” партиясынын шайлоо программасынын айрым учурларына токтолду.

“Биз Кыргыз Республикабызда акыйкаттык орното алабыз. Адилеттүү сотту, адилеттуу укук коргоо органдарын алып келебиз. “Республика” партиясы уурулар менен коррупционерлердин бийликти алышына жол бербейт!

Кыргыз Республикабызда таза жана натыйжалуу мамлекеттик башкарууну орнотобуз! Чиновниктер элдин үстүндө эмес, элдин астында кызмат кылат!

Кыргыз Республикабызга экономикалык чоң өзгөрүү алып келебиз! Бул апааттан, анын кесепетинен кыйраган экономикабыз менен ишкерлерибизди биз жанданта алабыз! Алдыга алып чыгабыз. Эң тез өнүккөн өлкөгө айланып, элибизге бакубаттыкты алып келебиз!

Кыргыз Республикабызда дарыгерлер даңкталган, мугалимдер баркталган, маданият-тарыхыбыз катуу сакталган өзгөрүүлөрдү алып келебиз! Жаштарыбыз аалам менен атаандашкан заманбап билим алып, дүйнө багынта алчу мүмкүнчүлүк түзөбүз! Биз, Кыргыз Республикабыздын эгемендигин, элибиздин эркиндигин биз сактап калабыз!”, – деди “Республика” партиясынын лидери.

Эске сала кетсек, бүгүн “Республика” партиясы курултайын өткөрүп, ага аймактардан чакырылган 77 делегат катышууда. Алдыдагы шайлоодогу программа талкууланып, партиялык тизме бүгүн аныкталмакчы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here