Балыкчы шаарында каржы пирамидасын уюштуруп, көз боёмочулук кылган деген шек менен жети аял кармалды. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, алар башкаларды алдап, 10 миллион сомдон ашуун пайда көрүшкөн.

Кармалгандардын иши Жазык кодексинин 214 беренеси («Каржы пирамидаларын уюштуруу») боюнча териштириле баштады.

Милицияга арыздангандардын маалыматына караганда, шектүүлөр «Ырыскы» жана «Ак-Куу» деп аталган каржы уюмдары ири пайызда үстөк төлөп берерин айтып, элден акча алышкан.

Кармалгандардын эң жашы 28, улуусу 55 жашта. Баары соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here