Бул ирмемдерди Саламаттык сактоо министрлиги жарыялады. Кадрдан жеке коргонуу каражаттарын кийген дарыгерлер бийлеп, акыркы бейтапка гүл берип, башына жоолук салып узатканын көрүүгө болот. Өз кезегинде айыгып чыккан карыя медиктерге таазим этип, батасын берген.

Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцованын айтымында, 79 жаштагы байбиче 6-август күнү келип жаткан. Ал COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгону аныкталган.»Бизге келгенде абалы орто болчу. Жаш курагы 80ге таяп калган карыя биздин дарыгерлердин жардамы менен ооруну жеңип, 15-августта салтанаттуу түрдө үйүнө чыгарылды», — деп айткан Шевцова.

Азыркы учурда оорукана кадимки тартипте иштеп, өз профили боюнча бейтаптарды кабыл ала баштаганы айтылды.

Темир жол ооруканасындагы COVID-19 илдетинен сакайган акыркы бейтап

Кыргыз темир жолдору бейтапканасынын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды салтанаттуу түрдө үйүнө узатышты#covid19

Опубликовано Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги Понедельник, 17 августа 2020 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here