Аутист оорусунан жабыркаган баланы урган аялдын жогорудагы видеосу тарагандан көп өтпөй ал аял кармалганын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бул окуя боюнча ички иштер башкармалыгына 16 август күнү жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган. Анда аутист менен ооруган 11 жаштагы уулун караган бала багуучу уулуна кол көтөргөнү жазылган. Видеого түшкөн окуя Карл Маркс менен Скрябин көчөлөрүндө болгон.
Бул окуя боюнча 43 жаштагы бала багуучу сурак берип жоопкерчилигинин астында үйүнө жиберилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here