Ош шаарында адам өлтүрүү фактысына шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-август күнү саат 01:00 чамасында Анар кичи районунун тургуну кошунасын белгисиз атуулдар подъезде бычак сайып кетишкендигин билдирген. Окуя болгон жерге Ош ШИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, 1980-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандын денесине 23 жолу бычак сайылып каза болгондугу аныкталган.

Ыкчам иликтөө ишинин натыйжасында шектүү катары, алыскы жолго чыгууга камынып жаткан учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган А.Б.у. аттуу жаран кармалган. Шектүү Кара-Суу районунун убактылуу тургуну, мурда ажырашкан. Эч жерде иштебейт.

Каза болгон жаран Ош шаарынын Анар кичи районунун тургуну, билими орто, жумушу жок, экинчи топтогу майып экендиги аныкталган.

«Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй шектүү менен маркум өз ара тааныш болгон. Окуядан туура 5-6 күн мурда аталган батирде ичимдик ичип отурушуп өз ара түшүнбөстүктөн улам чырдаша кетишкен. Натыйжада шектүү таарынып үйдөн чыгып кеткен. Андан соң өч алуу максатында бычак алып келип, үй ээсин сыртка чакырып, ал чыгаары менен токтоосуз 23 ирет денесинин ар кайсы жерине бычак сайган. Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүүнүн үстүнөн «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, иштери жүрүп жатат», — деди басма сөз кызматынан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here