Бүгүн, өкмөттүн Ош облусундагы жаңы өкүлү Байыш Юсупов расмий түрдө эмгек жамаатка тааныштырылды. Аны кызматка дайындоо жөнүндө буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.
Юсуповду өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппаратына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырды. Иш-чарага Ош облусундагы райондордун акимдери, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов да катышты.

Буга чейин Байыш Юсупов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп 2013-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин өзүнүн кичи мекени Кара-Суу районунда аким болуп иштеген. Аталган обулусту 2 жыл жетектеген Узарбек Жылкыбаев кызматынан 10-августа кеткен . 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here