Малайзияда 8 жашар баланы атасынын көзүнчө крокодил дарыяга алып кирип жеп салды. Бул тууралуу rossaprimavera.ru жергиликтүү булактарга таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 12-августта 8 жаштагы Асмин Абдулла  Хужунг айылынын жанындагы дарыяга атасы менен барган. Атасы бир аз алаксып калганда баланы крокодил кармап, сууга сүйрөп кирип кеткен. Көп убакыт өтпөй эле жырткыч дарыянын аркы өйүзүнөн көрүнгөн.

Полиция кызматкерлери жана Табиятты коргоо департаментинин кызматкерлери тарабынан башталган баланы издөө эч кандай натыйжа берген жок.

Белгилүү болгондой мындай окуялар Малайзияда көп катталып турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here