Параламенттик шайлоонун мөөнөтү күн санап жакындаган сайын күчтүү партиялардын  күүсү элге угулуп, элеси көзгө тартылып баштады. Алардын  ана  башында “Кыргызстан” партиясы турарын бешиктен бели чыга элек бала дагы алданемедей  түшүнүп  турат. Эмнеге дегенде бул партияга биздин мамлекеттин саясатында “ погода” жаратып жүргөн таасирлүү талапкерлер тобу менен кирип, элдин таӊ калуусун да, тамшануусун да жаратып жаткан кези. Кудай буйруса, курултайдан кийин тизмени толук көргөндөр, айрыкча шайлоого шымаланып жатышкан далай саясатчылар “шымын” булгап алышы да толук мүмкүн.  Башка барандуу саясатчыларды айтпаганда да  партиянын негиздөөчүлөрү Канат Исаев менен Шаршенбек Абдыкеримовдун өздөрү эле эмне   деген салмак?! Эмне деген күч?!

   Ушундан улам “Кыргызстанды”  көргүсү  да, уккусу келбей, куйкасы курушуп, ичине таруу айланбай жаткан бир катар партиялар буга чейин   бул партия жана партиянын түптөөчүлөрү тууралуу акылга сыйбаган ушактарды таратууга үлгүрүштү. Маселен, “Канат Исаев менен Шаршенбек Абдыкеримов экөө уруша кетиптир ж.б.” деген сындуу эски жомокту элге сиӊире албай, көпчүлүктүн көдөөнүнө жеткире  албай ээси ооп жатышат. Андай ушактарды окугандар менен уккандар мыйыгынан гана күлүп коюшууда.  Буга бөркүӊүздөй ишене берсеӊиз болот.  Эгер  чын эле эки бакандай лидер уруша кетип, бет карашпай калса, анда “Кыргызстан” партиясынын деӊгээли ушунчалык бийик көтөрүлөт беле? Анда өлкөбүздөгү өз иши, эмгектери менен таанылган талантуу саясатчылар, ишкерлер ушул партияга топтолот беле? Демек, бул жагын ойлошпогон ойрондор ушак  таратып алышып, өздөрү уят болуп жатышат десек жаӊылбайбыз.

 Чынында кимдин ким экенин, кимдер  ушак менен алек болуп жүрүшкөнү көпчүлүккө маалым. Анчалык  “плинтустун деӊгээлине”  түшүп кеткен эргулдардын арасында өздөрүн өтө эле  “барандуу сезишкен” айрым  саясатчылар, айрым  ишкерлер, айрым генералдар  жана да “диван эксперттер” да бар. Жакында алардын  аттары да ачыкка чыгат.  Андан көрө айтарыбыз, Исаев менен  Абыдкеримовду “уруштура” албай, ушактан-ушак чыгарып убара болбой, пайдалуу иш менен алек болсоӊор элге да, Кудайга да жагат эле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here