Ал менен Бишкектеги университеттердин биринде окуп жүргөндө тааныштык. Ал мени өзүнө дароо арбап алды. Каникулда үйүнө кеткен кезде күн тургай, саат санап күтөр элем. Улуту индус болгондуктан, ата-энем каршылык көрсөтүп жүрөт. Курбуларым: “Окууну бүтүргөндөн кийин, ал өз өлкөсүнө кетет, башка кайтып келбейт, бекер жүрөгүң жараланып калат”, – дешет.
Чын эле ал өлкөсүнө кеткен кезде бир аз убакыт кабарсыз кетип, кайра пайда болот. Анысын “антенна жакшы кармабайт” деп түшүндүрөт. Бир жакканы – романтикага абдан жакын. Гүл алып келип, жылуу мамиле кылса болду, дароо таарынычымды унутуп калам. Бирок, меники куру үмүт сыяктуу. Өз жеринде үй-бүлөсү, бала-чакасы барбы, ким билет…
Бирок, мамилебизге чекит коюуга жүрөгүм даабайт. Ал тургай, ушул жигитке турмушка чыгып, Индияга кетсем деп да кыялданам. Айтымында, жашоо-турмушу начар. Бирок, ага карабай кымбат кийинип, жакшы жашайт…
Азыр кээ бир телеканалдар индия сериалдарын көрсөткөн сайын, ошол жакта жашоого болгон каалоом күндөн-күнгө күчөөдө… Индия тууралуу сөз болсо, кулак турө калам. Жигитиме болгон махабатым да күн санап күчөп жатат. Мамилебиз жакында бүтөрүн билсем да, куру үмүт менен күн кечүүдөмүн.  Булак:сонку кабарлар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here