Индияда жаш келин акчанын жетишпестигинен өзүнүн баласын сатып жиберген. Бул тууралуу Vice порталында жазылган

Индиянын Хайдарабад шаарынын 22 жаштагы тургуну кармалды. Ал 2 айлык баласын 600долларга сатып жиберген.

Зоя Хан (сатылган баланын энеси) күйөөсү менен уруша кеткенден кийин, күйөөсү баласы экөөнү таштап кетип калган. Бир нече күндөн кийин келип, баласынын сатылып кеткенин угуп, полицияга арыз жазган. Полиция келинди кошуп 6 кишини кармаган. Акчаны ал Мумбаи шаарына жол киреге колдонгон.

Индияда мындай учур биринчи жолу эмес, пандемия учурунда жумушсуз калган үйбүлө 2айлык уулун 240 долларга, дагы бир үй бүлө туулганына 15 күн болгон кызын 40 долларга сатып жиберишкен.

Бала сатуу Индияда эӊ чоӊ көйгөй болуп эсептелет.

Март айындагы карантинде 1, 3млрд адам үйүнөн чыкпаганга милдеттендирилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here