Испаниялык «Барселонанын» чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси каталондук клуб УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу championat.com жазып чыкты.

Мюнхендик «Бавария» «Барселона» клубун 8:2 эсебинде утуп, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан.

«Немецтик клубдан мындай эсеп менен жеңилүү Мессинин карьерасында эң ири бурулуш болду. 33 жаштагы футболчу клубдун жетекчилигинин ишине канааттанбай келген. Мындан сырткары Месси «Барселона» менен түзүлгөн келишими аяктаганда кете алат. Келишим 2021-жылы аягына чыгат», — деп айтылат маалымат булактарында.

Аргентиналык футболчу «Барселона» командасында ойноп келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here