«Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев менен коомдук-саясий ишмер, парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына 15-августта кошулушту.

Мындан тышкары «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» партиясынын лидери Исхак Масалиев, «ЭрК» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу, «Эгемен Кыргызстан» партиясынын лидери Бектур Асанов, «СССР» партиясынын лидери Ишенбай Кадырбеков, «Ак калпак» партиясынын лидери Улукбек Маматаев, «Улуу көч» партиясынын лидери Акат Момунов жана «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров «Бүтүн Кыргызстанга» биригүү тууралуу меморандумга кол коюшкан.

«Бүтүн Кыргызстанга» кошуларын мунун алдында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев да кабарлаган.

Темир Сариев биринчи «Жаңы дем» саясий альянсына кошулуп , кийинчерээк чыгып кеткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here