Белгилүү алып баруучу, Нурзат Токтосунова жоолук салынгандан бери, га ага карата соц. тармактарда ыраазы болгондордон башка, ар кандай сындар айтылып келет. Бул жолу алып баруучу инстаграмм баракчасы аркылуу аларга жооп берди:

Жоолук салынган кундон баштап ушундай чабуулдар бутпой койду. Аттин, жоолуктан аркысын коро албаган адамдар бар экени окунучтуу. Жоолуктун ичинде жалындаган, улут жана эл учун куйгон журок бар экенин кайдан билишсин. Ушулардын баарын жазып аткан фейсбуктагы байке- эжелерди жеке тааныйм, алдыларынан кыя откон эмесмин. 5 жыл маданият министрлигинде иштегенимде да коп коруштук, пикир алышкан кундор болгон. Азыр аларга ачуу создору учун таарынбайм. Бактылуу болушсун. Болгону, араптарга сатылгансын, Айтматовду суйлогонго акын жок дегени ойлондурду. Айтматов силердики да, меники да эмес, жоолукчан же жыланачтыкы дагы эмес. Либерал, демократ, ак же сары, академик же жонокой мугалим меники дей албайт, ал ЭЛДИКИ! Баарыбыздыкы. Ал улут сыймыгы…
Кимдин элге кандай жарыгы тийип атат, бул башка маселе…
8 жылдан бери билим беруу тармагында эмгектенем, окугула деп ар бир регионду кыдырып бекер сабактарды отом, ай сайын муктаждарды жана жетимдерди акысыз окутам. Азыр да телеграммда он беш мин уч жуз адамга кунуго сабак отом. Элге кызмат кылгым келбеген жаман ойлуу бироо болсом- эмгиче айтып чыгышмак го…
Кыскасы, алган 3 жогорку билимим, 15 жылдык тажрыйбам, чет тилдерде суйлогонум- жоолук салынганда озунон озу жок болуп кетип, заматта араб болуп калдым дей албайм. Ыйманым, ишеничим, кыргыз экениме сыймыктануум дагы кучоду. Аллах колдосун! Буга чейин улуттук койнокторду жана элечекти менчелик коп кийгендер аз. Ким эмнени коргусу келсе, ошону гана корот тура. Жакшы жактарымды көп айткан силердей асыл адамдар (катталуучуларым) коп экени кубандырат. Бар болгула. Купалникчен бир кыргыз кызына караганда, жоолукчан кыздын болгону жакшы эмеспи?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here