Жалпы коомчулукка маалым болгондой, учурда күндүн башкы темасы 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо  болуп  турат. Мыйзам боюнча эми шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин 20-августка чейин бекитип, курултайын өткөрүү зарыл. Ал эми 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин БШКга берүү абзел. БШК андан соӊ үгүт иштери башталганга чейин, тагырагы  4-сентябрга чейин талапкердин “чоо-жайын” текшерүүгө алат. Шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен ашып баратса 10-15 партия ат салышаары күтүлүүдө. Ал 15ке чейинки партиянын жеӊишке жетет деп прогноз берилип жатканы 4төн 6 партияга чейин. Ушундан улам алдыӊкы партиянын тизмесине “тизилип”, жазылып калуу үчүн акчасы бар байлар, бийликтин бийик жеринде иштеген таасирлүү таанышы, тууганы барлар жана чоӊ кызматтарда иштеген атка минерлер  учурда катуу аракеттерди көрүп жатышат. Бирок башкасынан мурун коомчулукка чоӊ кызматтарда иштеп жатышкан элге шайлоого катыша турганы белгилүү болуп калган атка минерлердин эмне үчүн  ушул күнгө чейин кызматтан кетүүгө арыз жазбай олтургандыгы кызык болуп, бул боюнча сын айтып жаткандар көп болууда. Биз ушул маселеге жооп издөө максатында Жогорку Кеӊештин депутаты Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке эки, үч суроо менен кайрылдык

-Нурбек мырза, кызматын тапшырбай, арыз жазбай, талапкер болуп талпынып жаткандар боюнча кандай ойдойсуз?

-Баш мыйзамдын 21-беренесинде  «Талапкерлердин статусу” тууралуу так жазылган.  Окурмандарга жеткиликтүү болуш үчүн ал мыйзамды толугурак эле мисалга тарталы: “1.Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер бирдей укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат. 2. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызматтык же кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:

1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы. 2) мамлекеттик кызматтын түрүнө карабастан (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломаттык), мамлекеттик кызматчы. з) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы. 4) муниципалдык кызматчы.

5) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашык болгон ишкананын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчиси”.  Мына ушул беренени өзүӊүздөр окуп, күбө болуӊуздар. Биз эми Баш мыйзам менен жашаган демократиялуу мамлекет болгон соӊ, кандай болгон учруда да Баш мыйзамды, анын беренелерин так сакташыбыз зарыл. Тилекке каршы бүгүнкү күндө мыйзам сакталган жок. Шайлоого катыша турган көптөгөн мамлекеттик жогорку кызматтарда иштегендер кызматтан кетишпей, арыз жазышпай олтурушат. Алардын аты-жөнүн биз айтпасак да эл жакшы билип эле турат.  Бул жакшы көрүнүш эмес. Көбү шайлоого катышуу үчүн бир айлык эмгек өргүү алып жатышат. Себеби, шайлоодон өтпөй калса, “кайра иштей берем” деген ой менен…

-Сөзүӊөзгө аралжы, мындай көрүнүштөр буга чейин деле болуп келген да…

-Буга чейин канчалык деӊгээлде болуп келгенин так билбейм. Бирок мен чындык, акыйкаттык үчүн өткөн 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдындагы болгон мисалдарды айтайын. Мисалы, 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан Канат Исаев шайлоого катышуу үчүн Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укукту өкүлү кызматынан  өз каалоосу менен арыз жазып, иштен кеткен. Ошондой эле  азыркы депутат Таалайбек Масабиров дагы шайлоого катышуу максатында ал жылы  Бажы кызматынан төрөгасынын орун басарлык кызматынан өз каалоосу менен  кеткен болчу. Мен дагы 2015-жылы шайлоого катышалы, мыйзамды бузбайын деп Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басырлык кызматынан арыз жазып кеткем. Мына ушундай мисалдар бар. Бул жыл байкашыбызча, бир эки эле талапкер  шайлоого катышуу максатында арыз жазып, иштен кетишти. Калган бир топ талапкерлер кызматтарынан кетпей, шайлоого катышууга чоӊ арапкеттерди көрүп жатышат.

-Бул көрүнүштүн  тескери жактарын айтсаӊыз?

-Биринчиден талапкер болуп кайсы бир партиядан шайлоого катышып жаткан соӊ, ал атка минер админстративдик ресуртарды колдонууга аракет кылышы мүмкүн. Себеби, анын жетекчилик кызматы бар, балким кол алдында көп адам иштейт. Экинчиден шайлоонун таза, ачык өтүшүнө мындай көрүнүштөр тескери таасир бербей койбойт. Андыктан ар бир талапкердин сатусу мыйзамда жазылгандай бирдей болууга тийиш. Демек, чоӊ кызматта иштеп жатып, талапкер болуп шайлоого катышып жаткандар мыйзамды жана өзүн сыйлап кызматтарынан арыз жазып кетиши керек. Өкмөт, БШК да ушул маселеге көӊүл буруусу абзел. Бул боюнча жалпы коомчулук тарабынан айтылып жаткан сындар да эске алынышы зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here