Жалпыга маалым болгондой акыркы күндөрү белгилүү акын, журналист, элибиздин сыймыктуу уулдарынын бири Мирлан Самыйкожо тууралуу ар кандай такталбаган кептер тарап жатат. Ал кептердин көбү, алдыда келаткан шайлоого да байланыштуу болууда. Самыйкожо мына ушул багытта «Чагылган. kgнин» бир катар суроолоруна жооп берди.

Мирлан мырза, өзүӊөз деле угуп жатасыз. Сизди шайлоого катышат экен. «Мекеним Кыргызстан» партиясында алдыӊкы тизмеде экен деп айткандар арбын болууда. Чындыкты өз оозуӊуздан уксак…

-Ооба, ошондой урдурган ушактар тарады. Соц тармактардагы мен тууралуу жазып жаткандарга жооп бергеним жок. Анткени, иргөө керек. Чий көбүгү чыксын деп атам. Мен эч бир партияда эмесмин. ЭЛден чыкканбыз, ЭЛ менен болом. Парламентке керек болсок, ЭЛ өзү айтат. Ошондо аттанабыз, буюрса.

-Досунуз, «Бирик» партиясынын лидери Кылыч Исамамбетовдун «Мекеним Кыргызстанга» кошулуп кеткени коомчулукта катуу сынга алынууда. Партияны бирге түптөдүӊөр эле. Достук мамилеӊер тууралуу да ар кандай кеп тарады. Бул маселенин чын -төгүнү кандай?

-«Сокурдун тилегени эки көз…» — дегендей болду окшойт. «Бирик» саясий партиясын чогуу түптөгөнбүз бирок, биз ал жак менен иш алып барбай калганыбызга эки жылга жакындап калды. Лидер өзү билет. Угушума караганда чечимди жалгыз чыгарыптыр деп атышат башка партиялаштары.

Жердештериниз белек кылган автоунаа коомчулукка абдан жакшы маалымат болду. Бирок бул жакшы маалыматтарды да тескери бурмалоого аракет кылышууда. Бул тууралуу да чындыкты уксак…

-Андай белекти башкалар эмес, алган ээси да тишин карабайт дейт го. Бирок, таң калдым. Өтө козушту. Ал белек РАИМОВ МИРБЕК баштаган Ак-Талаа районунун жаштар ынтымагынын белеги. Мен бирөөгө эч качан моралдык да материалдык да карыз болгум келбейт. Бул чыныгы сый, сыйлык иретинде тапшырылды. Эч кимдин кулак мурду көрүнбөйт. Сары санаа болушпасын.

Бирик деген патриоттук ырындын тарых-таржымалын «Бирик» партиясына ( гимни катары эсептеши) түздөн-түз байлагандарды угуп атасыӊар. Бул боюнча чындык кандай?

— Партиянын өзүнүн гимни бар. Ал ырды партияга байлай бере турган болсок анда, «Ата Мекен» «Ата Журт» «Мекеним Кыргызстан» «Кыргызстан» деген сыяктуу ырдын баары гимн болуп калабы? Ал ырды саясатташтырбаш керек.

-Демек, шайлоого эч бир партиядан катышпай КТРКдагы жумуш менен Алек болосуз..

— Эмне менен алек болорумду Кудай билет. Бирок, фамилиям кандидаттардын катарынан чыкпайт.

-Сөз соӊунда , чыгармачылык боюнча эки ооз кеп болсун…

-Учурда, өзүмдүн эмес Элмирбек менен Зайырбек байкелеримдин китептерин чыгаруу менен алекмин. Жакында жарык көрөт буюрса. Бул АМАНАТ! Ушул эки инсандын жасай турган да, жасап коюп айтпай жүргөн да эмгектери арбын. Биздин милдет ошол баалулуктарды жарыялоо. Алардын экинчи өмүрү түбөлүктүү!

-Мирлан мырза, рахмат! Ишиӊиз ийгиликтүү болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here