2020-жылдын январь-июль айында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,1% азайды.

Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү жети айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7% кемиди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсептөөсүндө маалымдалды.

Кыргызстандын өкмөтү экономика артка кетерин быйыл жазда, пандемия башталганда моюнуна алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы себеп экени айтылган.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен чогуу жүргүзгөн августтагы жаңы иликтөөсүндө Кыргызстандын экономикасы быйыл 10% төмөндөйт деген болжол келтирди.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. АӨБ болжогондой экономика артка кетчү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 520-540 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.

ИДӨ — бул өлкөдөгү ишканалар өндүргөн товарлардын жана көрсөткөн кызматтын жыйындысы. Соңку жылдарды Кыргызстандын ИДӨсү орточо эсепте 4-5% менен өсүш көбөйүп келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here