Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети бар партиялардын ичинен үчөөнү тизмеден чыгарды. Алар: “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы”, “Агрардык партия” жана “Жаратман” партиясы. БШКнын басма сөз кызматы “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартканын, ал эми “Агардык партия” менен “Жаратман” партиясы шайлоо фондун мөөнөтүндө ача албаганы үчүн жарыштан чыгарылганын маалымдады. Буга чейин талаштуу болуп келген КСДП шайлоого ат салышуучу партия катары катталган. Буга Жогорку соттун корутундусу негиз берген. 28-июлда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) парламенттик шайлоого каттоого милдеттендирген чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган. Шайлоого катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кайрылган. Булардын ичинен эки партия – “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен “Бирик” партиясы биригип, шайлоого чогуу аттанары маалым болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here