Парламенттик шайлоого бараткан «Мекенчил» саясий партиясы биринчилерден болуп кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырды. Бул тууралуу партиянын лидери Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында билдирди. Пандемия шартына ылайык чакан чөйрө катышкан жабык өткөн иш-чарага журналисттер киргизилген жок.

Ташиев басма сөз жыйынында партиянын шайлоо программасы төрт багыттан турарын билдирип, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайтаруу, сот адилеттигин орнотуу, чек ара маселесин жөнгө салуу башкы багыттар экенин белгиледи:

«Чар-жайыт, башаламан, коррупцияга жол ачкан шайлоо системасынан арылып эл менен бийликтин ортосундагы байланышты кайтарабыз. Ал үчүн парламент депутаттарынын санын 120дан 75ке азайтып, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайра киргизебиз». «Мекенчил» шайлоого талапкер болууну көздөгөн партиялардын ичинен кезексиз курултайын биринчи өткөргөн партия болуп калды. Курултайда бекитилген шайлоо тизмесине саясатчылар Камчыбек Ташиевден, Курманкул Зулушев, Равшан Сабиров, Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жана Жылдызкан Жолдошевадан башка кимдер киргени белгисиз. Зулушев депутат болгонго чейин сот болуп турган кезинде Ташиевди актап, анын партиясынан депутат болуп келген. Равшан Сабиров болсо министр болуп иштеп турганда, пара менен кармалып, бир нече жыл түрмөгө олтуруп чыккан

Бул ирет Камчыбек Ташиев жетектеп бараткан «Мекенчил» саясий партиясы анын саясий өнөктөшү, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөнү айтылып келатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here