Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 57 жаштагы аялды “сенин балаң менин кызымды зордуктап коюптур, ошол себептен мен сенден өч аламын”, — деп зордуктаган. Бул тууралуу Жогорку соттун сайттына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, окуя 2020-жылдын 2-апрелине караган түнү танкы саат 04:00 чамасында Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда З.К. аттуу жаран 1963-жылы туулган К.З.Б. жалгыз жаткандыгынан пайдаланып, үйүнун зал бөлмөсүндөгү айнегине тосулган темир торун бузуп кирип, бөлмөнүн чырагын атайын өчүрүп, “сенин балаң менин кызымды зордуктап коюптур, ошол себептен мен сенден өч аламын”, – деген шылтоо сөздөрдү айтып, З.К. кыйкырсаң ичиңе бычак сайып жиберем деп коркутуп, күч колдонуп зордуктап окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул факты боюнча А.у.Э. үстүнөн 161-беренинин 1-бөлүгү менен иш козголуп, кароо үчүн сотко жиберилген. Соттук териштирүүдө жабырлануучу К.З.Б. тосмо арыз берип, айыпталуучу экөө жарашып алгандыгына байланыштуу 12-майдагы токтом менен айыпталуучу А.у.Э. жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, иш өндүрүштөн токтотулган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here