Аӊгектен качсаӊ дөӊгөккө”-деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Турмушу бузулуп, күйөөдөн жолу болбогон Гүлмира айым өзүнүн аянычтуу тагдыры тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди. Анын бул баяны балким башкаларга сабак болуп калгысы бардыр…

—Аӊгектен качсаӊ дөӊгөккө!-деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Эмесе кеп башынан болсун. Биринчи жолдошум экөөбүз бири-бирибизди жактырып мындан беш мурун баш кошкон элек. Башында ынтымактуу эле жашачубуз. Балээнин баары ал ичкиликке бериле баштаган учурда башталды. Соо кезинде жакшы адам болгону менен, ичкен кезинде эчкимди көзгө илбей элирип кетчү. Андай учурда мени ашата сөгүп көӊүлүмдү калтырган сөздөрдү көп айтчу. Айрыкча, кошуналардын алдында ыӊгайсыз абалга калтырчу. “Акылына келээр… Кол көтөрүп сабабаганына шүгүр”-деп ичимден күбүрөнүп тим болчумун. Акыры анын токтоно албай ичкиликке бериле баштаганын көргөнүмдө ажырашууга туура келди. Ошондо ал мага сөөмөйүн кезеп:

—Өзүӊ бил эми. Мен сени сөккөнүм эле болбосо  чекеӊе да черткен эмес элем. Зөөкүр күйөөгө туш болсоӊ көрөр элем,-деп кекеткен эле.

—Башымды оорутпачы. Балким, жакшы эркекке туш болоормун,-дедим жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй.

Ал мени биртопко чейин тиктеп турду да, дагы бир нерсе айта тургандай түр көрсөтүп, андан соӊ терс бурулуп басып кетти. А, мен болсо өз жолума түштүм… Ажырашуунун азабын тарткандыктан көп убакытка чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Ортобубузда бала жок болгондуктан күйөөм артымдан бир да жолу издеп келбеди. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп кайра турмуш кургандан коркуп жүрдүм. Бир күнү күтүүсүздөн  бир жигит менен таанышып калдым. Алмазды беш ай сынап жүрүп ага турмушка чыктым. Чындыгында ал аракты оозуна алчу эмес. Бирок абдан кызганчаак эле.

Мурунку күйөөм тууралуу менден көп сурап тажатып жиберчү. Адаттагыдай дагы ал жөнүндө кеп козгогондо нааразы болуп:

—Сенин мындан башка сөзүӊ жокпу? Эми аны менен менин кандай ишим бар,-десем, өзүнчө эле ызырынып муш кезей баштады.

Анын мындай кебетесин көргөндө чочуп кетип:

—Сага эмне болду? Сенин мындай жаман адатыӊ жок эле го,-дедим көзүмдү алайтып.

—Сен мурдагы күйөөӊ менен мага билгизбей байланышып жатсаӊ керек!-деп жаактан ары бир чапты.

—Колуӊа шал тийгир! Эмне чабасыӊ?!-деп ыйласам ого бетер күчөп тепкилей баштады.

Качан гана канжалап ордумдан тура албай жатып калганымда сабаганын токтотту…

Кийин дагы башка-көзгө койгулап урганынан жашагым келбей биротоло кетип калдым. Учурда ошол таяктын кесепетинен оорукчал болуп калдым. Азыр ойлосом мурунку күйөөм кийин кайдагы бир зөөкүргө туш болоорумду туура эле баамдаган экен. Алгачкы турмушу бузулган келиндерге айтарым, кийин кайрадан турмуш курганда жакшылап ойлонгула. Антпесеӊер меникиндей тагдырга туш болуп калышыӊар мүмкүн…

                                                          Даярдаган: Нуркыз  ИСАБЕКОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here