Парламенттик шайлоого эки айга жетпеген убакыт калды. БШКга 44 партия шайлоого катышарын билдирип, арыз жазган. Бирок көпчүлүккө  маалым болгондой 44 партиянын ичинен ашып эле баратса 15 партия андай укукту алууга кудурети жетет десе болчудай. Калгандарына “кечирип кой” дегенден башка кеп айтуунун кажети жок.  Азырынча шайлоого өтөт деп оозго алынып, өздөрүнчө эле “фаворит” болуп жаткан партиялардын ана башында баягы эле бийликчил партиялар жана  капчыгы калыӊдар.  Мыйзам боюнча эми шайлоого катыша турган 20-августка чейин талапкерлердин тизмесин бекитип, курултайын өткөрүү зарыл. Ал эми 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин БШКга берүү абзел. БШК андан соӊ үгүт иштери башталганга чейин, тагырагы  4-сентябрга чейин талапкердин “чоо-жайын” текшерүүгө алат. Бул шайлоодо парламентке эӊ аз дегенде өтүп келе турган партиялардын саны төрт, эӊ көп дегенде алты партия болушу  мүмкүн. Эми төмөндө ошол алдуу-күчтүү, акчалуу делип эсептелип жаткан 6 партия тууралуу эки ооздон кеп кылалы.

                        Кел-кели келип турган   “Замандаш”!

Элдин ишенимине кирип, мекен жүгүн көтөргөн партиялардын алдыӊкы сабында дал ушул “Замандаш” партиясы турат десек анчалык аша чаппайбыз. Бул партия узак жылдан бери чоӊ тажрыйба топтоду. Элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алды. Айрыкча Кыргызстандан сырткары иштеп жүргөн мекендештерибиздин жүгүн жеӊилдетүүдө опол тоодой эмгек өтөдү. Саясаттын шаарына бирде туруштук берсе, бирде ташыркады. Бирок эгерим, мүӊкүрөп жыгылып калбады. “Замандаштын” мына ушундай узак жолуна саресеп салган Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү  салмактуу саясатчылар бул партиянын желегин желбиретип турган чагы. Башкасын айтпаганда да генерал Мелис Турганбаевдин бул партияга кириши көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруп турат. Ал эми партиянын лидери Жеӊиш Молдокматов атына заты жарашып, жеӊишке жетүү үчүн көп аракеттерди кылып жатканына күбөбүз.

                             Бийликтин   билерман “ Биримдиги”

Бул партия кимдин партиясы десеӊер, бешиктеги бала да “Жээнбековдордуку, бийликтики” – деп жооп берет. Чынында эле бийликтин партиясы. Бул партиядан чыгып жаткан партиялардын дээрлик басымдуусу да бийликтин билермандары болуп жүргөндөр. Маселен, Иса Өмүркулов, Марат Аманкулов баштагандар. Бул шайлоодо биринчи орунду “биз алабыз” деп алдыга жүткүнүп, жүгүрүп турган чагы. Акчалуулар да арбын. Шайлоодо акчанын, бийликтин артыкчылыктарына салсак да жеӊил-желпи өтөбүз деп өпкөлөнүп, мактанып жаткан да  айрым талапкерлеринин сөзүн эл уга баштады. Бирок баарын эле акчага сатып алууга болбойт. Абийирди, намысты ойлогон да мекенчилдер көп. Андыктан андай азаматтар “Биримдикке” алданбайт! Бул партия катарына таза инсандарды, жаштарды кошор бекен, аны жакында курултайында билебиз.

                               “Жегени” да,  “ Мекени да  Кыргызстан”…

Бул партия РАИММИЛЛАРДдын партиясы. Негизи эл оозунда Раимбек Матраимов башкаларды кой, президенттин өзүн “чүлүктөп” алган деген чүйгүн кеп көптөн бери айтылып келет. Акчанын күчү менен баардык кыялын кынтыксыз ишке ашырып келаткан РАИММИЛЛАРДка бул шайлоодо партиясын  жеӊүүчү партиялардын бири кылып коюу анчалык деле оор иштерден эмес. Себеби, акча саман. Азыр баарын акча чечкен заман. Андыктан, бул партияга саясатта мөлтүлдөп, жеӊден кончко куюлган Каныбек Иманалиев, элитанын “элитасы” аталган Кожокеӊ баштаган далай эскилер эчак эле “агылып” кирип кетишкен. Жалпы коомчулук бул партияны, РАИММИЛЛИАРДды көрмөк турсун угайын деген деле ою жок. Бирок , “Куураган кекиртек, кыйла жерге секиртет” болуп акчага азгырылгандар арбын. Андыктан бул партия акча менен далай адамдын добушун дүӊүнөн сатып алышы толук мүмкүн. Башка эмне дейбиз, иттики десе, кылыгы жаман кызы талактар… убагы келгенде эсебиӊерди эл берээр, эл бербесе Кудай берээрине бөркүӊөрдөй гана ишене бергиле…

                     Кыйындын кыйыны болгусу келген  “Кыргызстан”

  Бул партия да алдуу, акчалуу партиялардын бири. “Алкомагнат”  Шаршенбек Абдыкеримов, Канат Исаев, спикер Жумабеков  баштаган  саясатчылар партиянын казанын айда боркулдатып кайнатып жаткан учуру. “Шайлоодо шанс чоӊ, өтөбүз” деп турган “кыргызстанчыларга”да кыйла саясатчылар кирип, жык-жыйма болуп, антсе да дагы далайлары бул партиянын босогосун сагалап жүрүшөт.  Андыктан,  башка атаандаштарынын кыйласын артка калтырчудай түр  көрсөтүп турат. Чындап эле билек түрүнсө,  аламанда байгелүү орунга илинип, мандатка  “маарыйт”.  Бирок бул партия да бийликчил партия экенин эч качан унутпагыла! Бийликке каяша айтпайт, тескерисинче какайып жоокерчесинен “чест” берет. Убадасын мурунку шайлоодо жакшы эле уккансыӊар. Анысын кеп кылбай туралы, жакын да дагы угасыӊар…

                                   Бийиктикке чыккысы келген “Бир бол”

Барандуу саясатчылар Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов турган бул партия негизинен шайлоого жаштар менен бара жатканы, эскилердин көбү “эс алууга” кетип, тизмеси кыйла жаӊыланыптыр. Бирок арасында анча-мынча “эскилерден” да кирип жатыптыр. Азырынча лидерлер жаӊы жүздөрдү ачыктап чыгарганы менен “эскилерди”  бир сыр кылып турат. Анткен менен “Бир бол” бул шайлоодо башкаларга жем боло койбойт, тескерисинче теӊ болот. Каражат деле аз эмес. Колдогондор деле котолоп чыга берет. Аламанда марага жете келчүлөрдүн бири ушул партия болуп калышы толук мүмкүн.

                             Жаратман болгусу келген  “Атамекен –Жаӊы дем”

Бул саясый аляьнска бириккендерди да оӊой көрүү анчалык акылга сыйбай турган маселе болуп калаар. Бирок булардын катарынан текиреӊ таскактуу саясатчы  Темир Сариевдин чыгып кеткени, арбып жаткан кадамын кайсы бир деӊгээлде артка тартып койду десек болоор. Бирок Текебаев далай шайлоону көргөн, алсыз болуп турса да далай алдууларды жеӊген. Учурда түнү да , күнү да уктабай саясый альянсты күчтөнтүү менен алек болуп, катарына капчыгы калыӊ, кадыры арбындарды тартуу менен алек. Бир нерсени баса белгилей кетели. Элге бул саясый альянс бийликчил болбой, оппозициялык маанайда болуп жаткан абдан жагып  турат. Аягына чейин оппозиция болобу, аны убакыт көрсөтөөр…

                                              Калгандары…

Бул шайлоого ашып кетсе 15ке чейин партия катышары күтүлүп жатат. Ал 15тин  алты партиясынын чама-чаркын жогоруда бир аз жаздык. Дагы “Республика”, «Ак Шумкар», “Бүтүн Кыргызстан” баштаган бир катар партиялар да  күчтөнүп, учурда катуу камылга көрүп жатышат. Бирок азырынча алардын абалы анчейин билине элек. Бабановдун партиясына да оӊой-олтоӊ эмес талапкерлер топтолууда. Антсе да алардын баары көпчүлүктүн көзүнө илине элек. Ушул себептүү эртелеп бир багытуу жыйынтык айтуу кыйын болуп турат. Андыктан азырынча  жогоруда сөз болгон 6 партиянын баары теӊ байгелүү болуп, мандатка мас болуп, мамлекетти гүлдөтүп жиберишет деп айтып, ашыкпай туралы. Океӊдер айтмакчы, “Еще не вечер” дегендей, шайлоого байланыштуу шайтандуу өзгөрүлөр али алдыда…

                                                                                                 Урмат КАБЫЛБЕКОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here