Данил Урицкий деп атын өзгөртүп алып, диктатор Лукашенконун калкоосунда Белоруссияга чоӊ инвестор болуп жүргөн Данияр Үсөновдун бул жактагы депутат аялы Динара Исаева 10 жылдан бери “балык” депутаттардын атаманы болуп жүрөт. Ар кандай жолдор менен табылган байлыгын айрым учурларда жетим-жесирлерге, жардамга муктаждарга жүз миӊдеп акча берип, өзүн кайрымдуу адам катары көрсөтүп жүрөт. Мындай көрүнүш бизде гана бар. Күйөөсү оор кылмыштар үчүн издөөдө. Аялы ЖКда 10 жылдан бери депутат. анан улябай бийлик Үсөновду издемиш этип коөт. ал болсо Европанын жалгыз диктаторунун колтугунда ачык-айкын жүрөт, Бакиевдер менен кошулуп. Ажо болсо жалаӊ гана бийликтин күчү менен алтынчы ирет президент болуп шайланып алып, карышы чыккан элин атып, сабатып жаткан Лукашенкону жанталашып куттуктады. Бакиевдерди калкалаган диктаторду куттуктоо орундубу? Эмнеге мунун ойлонушкан жок? Бул эми жеткен  акылсыздык, эл менен эсептешпегендик эмей эмне. Акчасын батыра албай жүргөн Исаева болсо эми кайсы бир партиядан талапкер болуп чыкса тан калбай эле койгула. Бизде баардык ашмалтайский саясаттын баары боло берет. Андайга жаркыраган «жашыл жолдор» дайым даяр да

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here