45 жылдан бери кыргыз медицинасында талыкпай иштеп, чоӊ ийгиликтерди багынтып,  илимди да ийне менен казып келаткан белгилүү дарыгер Рахат Оморов менен пандемиянын күнгөй-тескейи, ден-соолук маселеси, пандемия учурунда каза тапкандар ж.б. көйгөйлүү маселелер боюнча кенен маектештик.

—Рахат  Арзыбекович, бүткүл дүйнөнү каптаган вирус, пандемиянын күнгөй-тескейи тууралуу  пикириӊизди уксак…

—Мен ушунча иштеп мындай пандемияны көргөн эмесмин. Кытайды көрдүк. Катуу тартип, катуу эреже менен токтотуп калды. Анан Европага, андан кийин Америкага тарады. Биздикилер болсо даярдыкты жакшы көрүшкөн жок. Жөнөкөй эле нерсени айталы, дарыгерлерге коргоочу кийим бергенге жарашпай, жөнөкөй эле халат менен беткапты берип коюп олтурушту да. 2 ай элди карантинде камашты. Ошол учурда даярдыкты күчөтүш керек эле. Кислороддук концентораторлорду эрте алып келишсе, балким бир топ адамдардын өмүрүн сактап калат белек. Менимче, гуманитардык жардамга келген керектүү дары-дармек ж.б. жабдыктарды да ар кандай жол менен жоготушту. Ушунун баарын жакшылап тактоо керек. Аэропорттогу мурунку ГАНСИге даярдыкты бир аз күчөткөн болду. Эми азыр түштөн кийин азыр 1200 орундук даярдап жатышат. Ал жерге овсервация уюштурбай эле, жугуштуу оорулар боюнча оорукана ачып койсо жакшы болбойт беле. Экинчиден министрлик вирусту дарылоо боюнча протоколдорду да талапка ылайык даярдаган жок. Себеби, дарыгерлердин баары эле мындай вирусту дарылап көргөн эмес да. Дүйнө жүзү боюнча калкынын саны боюнча бөлүп, салыштырып келгенде, биздин Кыргызстан вирустан өлгөндөр боюнча эӊ алдыӊкы орунга чыгып кетти да. Мурунку министрлер, өкмөт башчылар деле жаӊы ооруканаларды салууга талапка ылайык аракеттерди көрүшкөн жок. Бизде башынан эле ооруканалар жетишпейт. Заманга жараша, оорулардын саны жана ооругандар да кыйла көбөйдү да.  Убагында министрлер “Манас-1”, “Манас-2” деген программалар менен саламаттыкты сактоо боюнча имараттарды сата башташкан. Ошондо чырылдап айтып чыктым эле. Мына эми турмуш көрсөттү. Мына айта кетейин эки жылдай ишке берилбей турган Кыргыз-Түрк ооруканасын Бакиев президент болуп турганда мен демилгелеп, баштаттыргам.  Бирок Бакиев качты, ошону менен оорукана куруу алдыга жылбай калган. Анан кайра жанданып, мына азыр жалаӊ кыргыздар иштеп жатышат. Бирок бул оорукананы жеке менчик кыла коёбуз деп көп кишилер чуркашты. Мен каршы чыгып, прокуратурага ж.б. арыз жазып атып, акыры өкмөттүн карамагында калтырдык.

—Сиз эми ушунун баарын күйүп-бышып айтып жатасыз. Пандемияда даярдык абдан начар болуп, өлүм  көп болгонун баса белгиледиӊиз? Эми ушул маселеге  ким жооп бериши керек? Деги жооп бергендер болобу?

—Биринчи кезекте өкмөт, министрлик жооп бериши керек. Кандайдыр бир элге жага турган, эл ыраазы боло турган жыйынтыктар болушу керек да. Ушул бойдон эле алакан жайып калтырганда кийинкилерге сабак болобу?  Канча деген адамдар, дарыгерлер,  белгилүү инсандар өтүп кетти. Ошолордун өлүмү ушул өкмөттүн  мойнунда. Абийир алдында да, Кудай алдында да жооп беришет. Булар “өтүп кетет, жеӊил эле болот”деген ой менен даярдык көрбөй коюшту. Даярдыкты жакшы көргөндө, өлүм-житим мынчалык көп болбойт эле да.

—Сиз жакында пандемия учурунда элди сактайбыз  деп, мекен үчүн өмүрүн берип өтүп кеткен медицина кызматкерлерине эстелик тургузуу демилгесин көтөрүп чыктыӊыз. Мына ушул боюнча кененирээк айтып берсеӊиз?

—Биздин медицина кызматкерлерибиздин 300гө жакынына вирус жукту. 75тей  медицина кызматкери каза болуп калышты. Арасында менин чогуу иштеген кеисптештерим, окуучулары да бар. Биздин студент кыз Адинай Мырзабекова да 22 жашында эле каза болду. Анан ушунун баарын ойлоп олтуруп, акыры  пандемия учурунда каза тапкан медицина кызматкерлерине жакшы бир эстелик тургузалы деген ойго келдим. И. Ахунбаев атындагы медициналык акдемиянын ректору  бул демилгени колдоп, окуу жайдын күн батыш жагынан эстелик үчүн жер бөлдү. Окуу жайдын атынан эстелик тургузууда атайын банктык эсептерди ачтык. Алгач өзүм 1000 доллар салдым. Кээ бирлер аз салды дегенсип сындашты. Биз эми   бай эмеспиз да. Өмүр бою чакан айлык менен жашап келебиз. Ал акча менин жайкы эс алуу өргүү үчүн деп алган акчам эле. Дагы мүмкүнчүлүгүм жетсе, андан деле көп салат элем. Ушул  демилгени баардык медициналык мекемелерге сунуштадым, баары колдошту. Баары акырындык менен жардамдарын берерин билдирип жатышат. Ким кааласа, өз салымын  кошсо болот.  

—Ал эстеликтин маани –маӊызын айта кетсеӊиз?

—Азыр эми иштелип жатат. Эки скульторго сүйлөшкөнбүз. Кимисинин композициясы жакшы болсо ошону тандап алабыз. КОВИД-19 деп жазып, ар бир каза болгон медицина кызматкерлеринин аты-жөнү алтын  тамга жазылат. Анан  “Свято другим, сгараю сам” деген  айтылуу  фраза жазылып, эмблемасы чагылдыралыт.  Мындан тышкары, медакадемиядагы музейде орун бар. Ошол жерге  ар бир каза болгон медицина кызматкерлеринин сүрөтүн коюп, өмүр баяндарын жазып, жакшы жасайлы деген оюбуз бар. Буюрса, келечекте медакадемияны бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдү ошол келечекте тургузула турган эстеликтин алдында ант бердирсек жакшы болот. Ошондо ар бир бүтүрүүчү  кандай кырдаал болсо да, эл -жери үчүн жанын аябай турганын так билдиришмек. Мен саясатчы, чоӊ ишкерлерге кайрылганым жок. Себеби, азыр шайлоонун алдында алар бул демилгени башкача өӊүткө буруп жибериши толук мүмүкн. Мен андайды каалабайм. Министрибизге айттым, ал жогорку бийликке жеткирем деди.  Эстеликти эмне үчүн тургузганы жатабыз? Биринчиден медициналык кызматкерлердин кадыр-баркын көтөрү. Буга чейин кимдер гана дарыгерлерди кемсинтип, басынтышкан жок. Сабалган, атылып кеткен  кесиптештерибиз болду. Кудай буюрса, бул демилге ушул жылдын этегине чейин ишке ашып калышы мүмкүн. Мына азыр вирус азайды, өлүм азайды деп жатабыз. Көпчүлүк мурунку шарактаган турмушка кайтууга шашып турат. Демек, пандемияны эртеӊ эле, пандемия учурунда өлгөндөрдү эртеӊ эле унутушат. Ошон үчүн бул эстелик  пандемияны унуттурбай, улам эске салып, каза болгондор үчүн түбөлүк эстелик болууга тийиш болсо деп изги тилек кылып жатам.

—Сиз эми 45 жылдан бери үзүрлүү иштеп келаткан элибиздин белгилүү дарыгерисиз, илимди да ийне менен казып келесиз. Өзүӊүздүн багытыӊыз хирургияны абдан тереӊ билесиз. Ушул багыттан алып караганда,  акыркы жылдары хирургиялык оорулардан кайсы оорулардын түрү көбөйүп жатат?

—Оорулардын түрү абдан көбөйүп кетти. Өзгөчө эхиноккоз, авлекокоз көбөйүп кетти. Союз эхиноккок менен ооругандарды учурунда өзүбүз издеп жүрүп 15 адамды тапчу элек. Азыр жылына  бул оору менен 250 адам кайрылып жатат. Ал эми авлекоз  оорусу менен жылына миӊге жакын адам ооруп, кайрылуушууда. Бул ракка жакын жаман оору да. Убагында келип калса, операция жасап алып калып жатабыз. Бирок  кеч келип, өтүшүп, кан тамырлары өсүп кеткендерге калгандарга кыйын эле. Алардын боорун алмаштырууга туура келет. Бирок андай ишке биздин шартыбыз жетпей турат. Кудай буюрса, өкмөт Кыргыз-Түрк ооруканасын бизге берсе (№1-ооруканага) ошол ооруканадан андай  боор алмаштырат элек. Биздин дарыгерлердин күчү, билими жетет. Бирок   мындай оор операцияга  биринчиден өкмөт  атайын мыйзам менен уруксат бериши керек. Уруксаттан кийин заманбап оорукана, заманбап лаборатория ж.б. керек.

         Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

Редакциядан: Пандемия учурунда каза тапкан дарыгерлер үчүн тургузула турган эстелик үчүн салым кошууну каалгандар  төмөнкү эсептерге салыӊыздар:

Бишкек. Шаары.  Ахунбаева көчөсү92 УГНС по Октябрьскому району, код -001 ОКПО 22388973 bz_med@bk.ru ИНН 01711199910156 р/сч. 1030220000185275 БИК 103002

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here