Бул тууралуу kun.uz сайты башкы прокуратурасына шилтеме берип маалымат  таратты.

Маалыматтарга караганда окуя 8-август күнү болгон.Маркум өзүнө таандык болгон “Gentra” үлгүсүндөгү унаасын айдап шаарга чыгып кеткен.Эртеси күнү Ташкент областынын Кибрай районундагы  №11 ГЭСтин жанынан дене мүчөлөрү кескиленген эркек кишинин сөөгү чемоданга салынып табылган.Тез эле ал кишинин ким экени аныкталып Жогорку Соттун кызматкери экени белгилүү болгон. Ал 1968- жылы Самрканд областында туулган. Маркумдун жанында болгону 410 миң сум ( болжолдуу түрдө 3100) болушу мүмкүн.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here