Бүгүн 12-августта Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташуучу унаа көпүрөдөн кулап, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдирди. 

DAF күйүүчү май ташуучу унаа Молдобай төрүндө жайгашкан дарыяга кулап, толугу менен күйүп кетти. Видеонун авторунун айтымында, айдоочу кошо күйүп каза тапты.

Окуя болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу барып, маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here