болду. Маалыматты Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан тастыкташты.

К.З. аттуу кыз Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына 1-август күнү саат 9:11де түшүп, ошол эле күнү саат 16:45те каза болгон. Дарыгерлердин алдын ала койгон диагнозу боюнча, маркум дарыга ууланган.

«Ооруканага эс-учун жоготкон абалда келген. Бейтаптын оорусунун таржымалы соттук-медициналык экспертизада экен. Мен кабыл алуу бөлүмүндөгү журналга жазылган маалымат боюнча эле айтып жатам. Бул бейтаптын эмнеден улам комага түшүп калганы белгисиз (кома неясной этиологии)», — деди облустук оорукананын башчысынын орун басары Кадырбек Бөрүбаев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here