Узакка созулган оорудан кийин, 83 жашында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Жамал Ташыбекова 1980-1986 –жылдары министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген. Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Эгемендик жылдары Үй-бүлө, аялдар жана жаштар комиссиясынын төрайымы, Аялдар федерациясынын жетекчиси болуп турган.

Жамал Ташыбекова.

Бир катар эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here