«Республика» партиясынан Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясына кеткен Марлен Маматалиев аталган партиянын шаардык штабын жетектеп жатканы айтылууда. Буга чейин маалым болгондой, бул партиянын төрагасы мурунку «Өнүгүүчү» Мирлан Бакиров. Бирок ал убактылуу гана төрага гана экен. Башка партиялардын төрагалары жаштар болуп жаткан соӊ, Матраимовдор да лидерди жаш саясатчыдан кылалы дешкенби, айтор жакында Марлен мырзаны партиянын төрагасы кылышары тууралуу кеп кетти. Маматалиев билимдүү, иш билги жигиттердин бири катары сыпатталып келет. Демек, партиянын ишин тартып кетет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here