Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров деген атка минер кызматта туруп, айтылуу миллиардер Раим Матраимовдун партиясы “Мекеним Кыргызстанга” күн-түндөп иштеп, күпүлдөп жатканы ачыкталды. Буга далил катары анын аталган партиянын банктагы эсебине  35 миӊ сом которгонун айтсак болот. БШК  мамлекеттик кызматта иштегендер жеке партияларга акча которууга  болбой турганын, ал эми  мамлекеттик кызматта иштебеген адам 1,5 млн. сомго чейин которууга уруксат экенин билдирген. Мына сага! Атка минерлер эмитен Матраимовдордун партиясына минтип “аюу кызматын” өтөп жатышат. Амантуров эмнеге кызматтан кетпей туруп, мындай акылга сыйбаган ишти кылып жатат? Деги мунун баарын көзөмөлдөөчү киши барбы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here