8-август күнү Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин кызы Сезим турмуш жолуна аттанганы маалым болду. анын жолдошунун аты Бексултан өзүнүн гурппалашы экен. Эки жашка ырчы, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев өкүл ата болгону айтылган эле. Сыймык Бейшекеев өкүл кызы тууралуу соц-баракчасына буларды жазып чыкты:

Сезим Сезимтайым, залкардын данеги, ошентип мезгил закымдап учуп, бакыт тууруңа кондуң. Сен төрөлгөндө Ата Энеңдин кубанычына кошулуп кубанып, ат коюу жоопкерчилиги мага жүктөлгөндө улуу сезимдерге оронуп атыңды СЕЗИМ деп койгонумду эстедим кызым. Бийик кыялдарга бөлөнүп, сенин чоңоюп келаткандагы наристе мезгилиңе жетелендим, ыраматылык Гүлбү аяшым, бул сенин кызың биз болбосок да сен өзүң узатып өзүң өкүл ата болосуң деген сөзүн эстеп селт эттим, эчен жыл мурун жөн гана кубанычтан мени жакын санап айтылган ушул сөз алар чын эле жок болгон чындыкка айланбай эле койсо эмне аттиң, эсил кайрандарым, экөө тең жаныңда болбогонуна жүрөгүм тилинип сыртым жылмайганы менен ичимди жалын аймап турду. Сезимтайым, буйруса теңиңди таап Бексултандай азамат менен кол кармашып турмуш деген узак сапарга чыктыңар, сапарыңар байсалдуу болсун асылдарым, өмүрдө өзөк өрттөөр күйүттүү болбой, өрүшү толгон сүйүктүү жубайлардан болгула, ый болбой, ырыскы төгүлгөн сый бүлө болгула, турмуш жолуңарды жаза баспай, аруулап таза баскан ширин таттуу түгөйлөрдөн болгула алтындарым. Нурзадам экөөбүз Элмикем менен Гүкүштүн ордун толтура албастырбыз, бирок алар каалаган өкүл аталык өкүл апалык милдетти өмүр өткүчө ыйык сактайбыз садагаларым, Элмирбектин көзү тирүү барында эле ушул күнгө болжогон жакшылыкты токтоткон жокпуз, буйруса Ата Энеңдин арбагы ыраазы болгондой мыкты бүлө болооруңа ишеним чоң кызым, сөзүмдүн аягында Элмикемин батасын берейин.
Кудурет кубат болсун
Кубанычыңар булак болсун балдарым, куш бооңор бек болуп бактылуу болгула алтындарым!!!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here