Адамдын организми негизинен белоктон турат. Вегетариандарда белоктун жоктугунун кесепети дароо билине бербейт. Жаш өткөн сайын  байкалат.

Туура тамактануу эрежесин сактоо менен эт азыгын жегендер жашылча-жемиш менен тамактангандарга (вегетариандар) караганда узакка жашайт. Мындай пикирди медицина илиминин кандидаты, диетолог-дарыгер Инна Кононенко билдиргенин РИА Новости жазды.

«Биздин организм негизинен белоктон турат. Вегетариандарда белоктун жоктугунун кесепети дароо билине бербейт. Жаш өткөн сайын пайда боло баштайт», — деген адис.

Кононенко карып бараткан организмдеги эки көрсөткүчкө көңүл бурду. Биринчиси — кадимки уйку артериясындагы калыңдык, ал канчалык көп кездешсе, карылык ошончо эрте пайда болот. Вегетариандар холестеринди азыраак кабыл алгандыктан алардын тамырлары чоңоюп кеткен учур эт менен азыктангандарга караганда азыраак болот.

sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here