Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүү үчүн арыз бергенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Аны бул кызматка шаардык кеңештин депутаттары 2016-жылы шайлаган. Иманалиев ага чейин сөз болуп жаткан райондун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.

Ал кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы боюнча комментарий берип жатып, Ысык-Көл районунда коронавируска байланыштуу кырдаал турукташып калганын жана өзү күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here